Памир кыргыздарына жардам жөнөтүү маселеси талкууланып жатат

© Фото / пресс-служба Государственной службы миграцииПамир кыргыздары. Архив
Памир кыргыздары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Афганистандын Памириндеги кыргыздарга жардам жөнөтүү маселеси каралып жатканын өкмөттөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, боордошторго гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоолдуктар болуп жатат. 

"Памирлик кыргыздарга жардам жөнөтүү иштеринин токтоп турушуна эки себеп бар. Учурда мекендештерибиз жайлоодон түшө элек экен. Экинчиден Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы Пяндж дарыясынын деңгээлинин көтөрүлүп кетиши унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратууда", — деди маалымат кызматы.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирде сегиз айыл, 208 кожолук бар, анда 1200дүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирдеги алты айылда 825 адам күн кечирип келет.

Буга чейин Кыргызстандан Памирге төрт жолу экспедиция жиберилип, гуманитардык жардамдар жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0