"Түндүкэлектр" карызы барлардын жарыгын өчүрөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЗамена старых электросчетчиков в жилых домах Владивостока
Замена старых электросчетчиков в жилых домах Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында электр энергиясы үчүн акча төлөбөгөндөрдүн жалпы карызы 1-сентябрга карата 63,4 млн. сомду түздү

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы өз маалында карызынан кутулбаган 6 миңден ашуун кардарды 19-20-сентябрда жарыксыз калтырууну пландап жатат. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарында жарык үчүн төлөбөгөндөрдүн жалпы карызы 1-сентябрга карата 63,4 миллион сомду түздү.

Эске салсак, "Түндүкэлектрге" болгон карыздарды "Мобильник", "QIWI" төлөм терминалдарынан жана "Айыл Банктын" кассаларынан төлөөгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0