Мэрия жаңы конуштардын башкы көйгөйүн атады

© Sputnik / Акылбек БатырбековНовостройка Ак-Ордо на окраине Бишкека
Новостройка Ак-Ордо на окраине Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүркановдун айтымында, жаңы конуштарда мектеп курууга 116 миллион сом бөлүнгөн

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы жаңы конуштардын башкы көйгөйү — мектеп жетишсиздиги. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Общественно-государственного управления капитального строительства мэрии Бишкека Сталбек Омурканов
Начальник Общественно-государственного управления капитального строительства мэрии Бишкека Сталбек Омурканов - Sputnik Кыргызстан
Начальник Общественно-государственного управления капитального строительства мэрии Бишкека Сталбек Омурканов

Анын айтымында, жаңы конуш тургундары балдарын шаардагы мектептерге ташууга аргасыз.

"Шаардын жака-белинде 49 конуш бар, алардын башкы көйгөйү — мектеп менен бала бакчанын жетишсиздиги. Биз мектеп ачууну улантып жатабыз. 20 жыл ичинде 30 мектеп салынды. Ал эми жаңы конуштарда мектеп ачуу үчүн 116 миллион сом бөлүнгөн", — деди Өмүрканов.

Мэриянын берген маалыматы боюнча борбор калаада 95 муниципалдык мектеп бар. Окуу жылынын аягына чейин дагы төрт мектеп ачуу пландалып жатат. Мындан улам кошумча 4 250 орун пайда болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0