Мэрия: Бишкектеги мектептерди оңдоого 267 млн. сом сарпталат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПодготовка школ к новому учебному году в Казани
Подготовка школ к новому учебному году в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова быйыл төрт мектеп эксплуатацияга берилерин айтты

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин ачылышына жана ремонт иштерине 267 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова маалымат жыйын учурунда билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова маалымат жыйын учурунда
Начальник Управления образования мэрии Бишкека Мейрманова Сауле - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова маалымат жыйын учурунда

Аталган жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү.

"Мектептердеги окуучулардын саны нормадан ашык. Бирок быйыл мурда авариялык абалда турган объектилердин ишке кириши күтүлүүдө. №44, 28, 10 жана 25 мектептер жакын арада эксплуатацияга берилет. Ошондой эле башка мектептерде дагы ремонт иштери жүрүп жатат, ага 169 миллион сом бөлүнгөн. Окуу объектилерин оңдоо жана реконструкциялоого 267 миллион сом каралган", — деди Мейрманова.

Мэриянын маалыматына караганда, борбор калаада 95 муниципалдык мектеп бар. Окуу жылынын аягына чейин "Ак-Ордо" конушунда 960 жана 800 орундуу мектептер ишке берилет. Ошондой эле "Мурас-Ордо" конушуна 450 орундуу мектеп куруу пландалып жатат.

Жалпысынан курулуш иштеринен кийин борбор калаада 4250 окуучулук орун пайда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0