Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевди телефон чалып куттуктады

Жазылуу
Өлкө башчы бүгүн 61 жашка толду

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын өлкө жетекчиси Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшкөнүн мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда Мирзиёев Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишине ийгилик каалады. Мындан тышкары, эки президент жетишилген макулдашуулардын ишке ашуу жолун жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн 61 жашка толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0