Бекем ден соолук каалайм! Путин Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит Владимира Путина в Кыргызстан
Официальный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн 61 жашка толду

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоо телеграммасында Атамбаевдин президенттиги маалында Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөдө кыргыз элинин кадыр-барк топтоого жетишкени баса белгиленген.

"Россия сиздин стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу көп таратуу кызматтыштыкты өрчүтүүгө кошкон салымыңызды өзгөчө баалайт. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизге бекем ден соолук, бакыт, эсенчилик жана ийгиликтерди каалайм!" — деп жазылат куттуктоо телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев бүгүн 61 жашка толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0