04:51 18 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан жарандар. Архив

Өкмөт шайлоодо административтик ресурс колдонгондорго катуу чара көрүлөрүн эскертти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
11101

Шайлоо комиссияларынын ишине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын кийлигишүүсүнө тыюу салынган

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Шайлоо маалында административтик ресурстарды колдонгондорго карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, мыйзам бузууларга тиешелүү чара көрүү милдети өкмөткө жүктөлдү.

"Коопсуздук кеңешинин 11-сентябрда кезектеги отуруму өттү. Анда президенттик шайлоону өткөрүү негизги маселелердин бири катары каралды. Кеңештин чечими боюнча админстративтик ресурстарды пайдаланган мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилеринин аракетине чара көрүү милдети өкмөткө жүктөлдү", — деди Зилалиев.

Ошондой эле ал шайлоо комиссияларынын ишине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын кийлигишүүсүнө тыюу салынгандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Ага 13 талапкер ат салышууда.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Психолог Танаева: шайлоочу жүрөгүнүн түпкүрүндө эски саясатчыга көбүрөөк ишенет
Шайлоого катышуу үчүн жаңы ID-карта алуунун зарылдыгы жок
Шайлдабекова: негизги милдетибиз — жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруу
Белгилер:
шайлоо, президент, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ