Күбө: ЖКнын мас депутаты авиакаттамды бир саатка кечиктирди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Искендер Матраимовдун архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Искендер Матраимовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактагы адамдардын бардыгы депутатты бир саат бою күтүп отурушканын, эл өкүлү кечиккени аз келгенсип, мас абалында келгенин кыргызстандык жаран жазып чыкты.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Facebook баракчасынын колдонуучусу Дамира Акунова Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун айынан Бишкек — Ош каттамы кармалганын социалдык тармакка жазып чыкты.

Анын айтымында, окуя кечээ, 14-сентябрда болгон. Самолет Бишкектен Ошко саат 19.45де учмак, бирок рейс бир саатка кармалган.

"Бүтүндөй бир учак Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовду күтүп турду. Элдин кулу мас абалында бир саатка кечигип келди. Салондо жаш балдар көп болчу, алар чарчап, ачка болгондуктан ыйлап жатышты", — деп жазды Акунова.

© скриншот со страницы группы "Черный список" - нам не понравилось в FacebookДепутата Жогорку Кенеша обвинили в задержке авиарейса
Депутата Жогорку Кенеша обвинили в задержке авиарейса - Sputnik Кыргызстан
Депутата Жогорку Кенеша обвинили в задержке авиарейса

Ал эми Искендер Матраимов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ошол рейс менен учканын жана жарыяланган сүрөттө өзү экенин ырастады. Бирок парламентарий мас абалында болбогонун жана 15 жылдан бери спирт ичимдигин оозго албай калганын айтып, сүрөт ал телефонун текшерип жатканда тартылганын белгиледи.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка себепчи милиционер камакка алынды
"Мен аэропортко саат канчада келип каттоодон өткөнүмдү камералардан деле көрсө болот. Жанымда дагы бир депутат Жыргалбек Калмаматов бар болчу. Биз күтүү залында отуруп, рейс эмнеге кармалып жатканына кызыкканда "техникалык себептер" деп түшүндүрүштү. Кийин бизди чакырышкандан кийин самолетко жөнөдүк", — деди депутат.

Матраимов социалдык тармактагы билдирүүлөр аны абдан таң калтырып жатканын билдирип, эч качан рейске кечикпей турганын белгиледи.

Депутат Жыргалбек Калмаматов кесиптешинин сөзүн ырастап, шайлоочулар менен жолугуу үчүн жумушчу сапарга бет алышканын айтты.

Ал эми "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы рейс бир саатка эмес, 26 мүнөткө кармалганын маалымдады. Бул салонду тазалоо иштерине байланыштуу болгон. Ошондой эле бардык жүргүнчүлөр убагында каттоодон өтүшкөнү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0