Соттолгондорду Оштон Бишкекке алып келе жаткан машина кырсыкка кабылды

© AP Photo / Tsvangirayi MukwazhiАвтоунаадагы кармалган жаран. Архив
Автоунаадагы кармалган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан ЖАМКтын бир кызматкери жана соттолгон эки киши жаракат алган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ош шаарынан Бишкекти көздөй соттолгон жарандарды ташып келе жаткан автоунаа Ош — Бишкек жолунда кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эртең менен болгон. 25 адамды ташып келе жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай, машина оодаралып калган.

Жол кырсыгынан ЖАМКтын бир кызматкери жана соттолгон эки киши жаракат алып, үчөө тең Жайыл райондук ооруканага жеткирилишти.

ЖАМК качып кеткен соттолуучулар жок экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0