Жаңы үлгүдөгү жеке унаа номери 100 миң сомго сатылды

© Фото / пресс-служба ГРСБишкекте жаңы үлгүдөгү AMG деп жазылган жеке унаа номери сатылды
Бишкекте жаңы үлгүдөгү AMG деп жазылган жеке унаа номери сатылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстанда эски үлгүдөгү алты жаңы номер сатылган. Алар расмий түрдө берилгендиктен, мыйзамдуу болуп эсептелет.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкекте жаңы үлгүдөгү жеке унаа номери сатылды. Анда кардардын каалоосу менен AMG деп жазылган. Бул тууралуу Мамкаттоо кызматынан кабарлашты.

Спирт заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жыл мурда сатылган спирт заводду азыркыга чейин эч ким сатып ала элек
Автоунаа номери белгиленген 100 миң сомго сатылган. Буга чейин Кыргызстанда эски үлгүдөгү алты жеке номер сатылган. Анда VIVAT, VIP, BIRBOL, BOSS, MMM жана LIDER деп жазылган. Алар расмий түрдө сатылгандыктан, мыйзамдуу деп эсептелет.

Мамкаттоо кызматы өткөн жылдын 1-июнунан тарта үч тамга, үч сан жазылган номерлерди сата баштаган. Анда Кыргызстандын желеги менен KG коду сакталган. Ошондой эле өзгөчө комбинациядагы тамгалар менен сандардан турган номерлер дагы сатылган.

Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү 777 ААА номерин рекорддук баага, 1 миллион 716 миң сомго сатып алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0