Бишкекке 820 көчөт отургузулат! Каалоочулар иш-чарага катыша алат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүВесенние субботники в Москве
Весенние субботники в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарак отургузууга катышууну каалагандарды "Зеленстрой" керектүү шаймандар менен камсыздайт

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктарды көчөт отургузууга чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.

Бишкек шаары боюнча жалпы 3855 көчөт отургузулат.

Мындай иш-чарага катышууну каалагандарды "Зеленстрой" керектүү шаймандар менен камсыздайт. Ал эми агрономдор дарактарды кантип отургузуу керектигин көрсөтүп беришет.

Көчөт отургузуу иштери шаардын бир нече жеринде аткарылат:

  • Токомбаев көчөсүндөгү 12-кичирайондон Шабдан баатыр көчөсүнө чейин 600 дарак жана 300 бадал отургузулат;
  • Медеров көчөсүнүн Панфилов менен Токтоналиевге чейинки бөлүгүндө 220 дарак жана 30 бөрү карагат тигилет.

Шаарды жашылдандыруу иштери 16-сентябрда саат 10.00дөн тарта башталат.

Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алышат. Кызыктырган суроолор болсо +996 701 321 042, +996 312 375 215 номерлери аркылуу байланышка чыгууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0