Sputnik Кыргызстан "Сынган кылыч" романынын аудио китебин элге тартуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан радиосу менен маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина "Сынган кылыч" романынын аудио китебинин бет ачар аземинде
Sputnik Кыргызстан радиосу менен маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Сынган кылыч романынын аудио китебинин бет ачар аземинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сынган кылычты" Sputnik радиосунан аптанын беш күнүндө угууга болот, ал эми долбоор менен sputnik.kg сайтынан таанышуу мүмкүнчүлүгү тартууланды.

БИШКЕК, 14-сен. Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан радиосу менен маалымат агенттиги жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы боюнча инновациялык долбоор даярдады.

Анда романдын 27 сааттык аудио китеби, чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган.

Чыгарманы үн менен коштоого, тагыраагы аудио китепти өлкөдөгү кино жана театр жаатындагы белгилүү актерлор окуган.

"Сынган кылычты" Sputnik радиосунан аптанын беш күнүндө угууга болот, ал эми долбоор менен sputnik.kg сайтынан таанышуу мүмкүнчүлүгү тартууланды.

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан радиосу менен маалымат агенттиги жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы боюнча инновациялык долбоор даярдады
Sputnik Кыргызстан радиосу менен маалымат агенттиги жазуучу Төлөгөн Касымбековдун Сынган кылыч тарыхый романы боюнча инновациялык долбоор даярдады - Sputnik Кыргызстан
1/5
Sputnik Кыргызстан радиосу менен маалымат агенттиги жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы боюнча инновациялык долбоор даярдады
© Sputnik / Табылды КадырбековАнда романдын 27 сааттык аудио китеби, чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган
Анда романдын 27 сааттык аудио китеби, чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган - Sputnik Кыргызстан
2/5
Анда романдын 27 сааттык аудио китеби, чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган
© Sputnik / Табылды КадырбековЧыгарманы үн менен коштоого, тагыраагы аудио китепти өлкөдөгү кино жана театр жаатындагы белгилүү актерлор окуган
Чыгарманы үн менен коштоого, тагыраагы аудио китепти өлкөдөгү кино жана театр жаатындагы белгилүү актерлор окуган - Sputnik Кыргызстан
3/5
Чыгарманы үн менен коштоого, тагыраагы аудио китепти өлкөдөгү кино жана театр жаатындагы белгилүү актерлор окуган
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда эң алгачкы саамалык болгон жаңычыл долбоорду бет ачарын Билим берүү системасынын өкүлдөрү жасады. Ага Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Кыргыз билим берүү академиясынан, инновациялык мектептердин директорлору жана окуучулар катышты
Кыргызстанда эң алгачкы саамалык болгон жаңычыл долбоорду бет ачарын Билим берүү системасынын өкүлдөрү жасады. Ага Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Кыргыз билим берүү академиясынан, инновациялык мектептердин директорлору жана окуучулар катышты - Sputnik Кыргызстан
4/5
Кыргызстанда эң алгачкы саамалык болгон жаңычыл долбоорду бет ачарын Билим берүү системасынын өкүлдөрү жасады. Ага Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Кыргыз билим берүү академиясынан, инновациялык мектептердин директорлору жана окуучулар катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековДолбоорду коомчулукка тартуулоо салтанаты Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өттү.
Долбоорду коомчулукка тартуулоо салтанаты Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өттү. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Долбоорду коомчулукка тартуулоо салтанаты Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өттү.
1/5
Sputnik Кыргызстан радиосу менен маалымат агенттиги жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы боюнча инновациялык долбоор даярдады
2/5
Анда романдын 27 сааттык аудио китеби, чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган
3/5
Чыгарманы үн менен коштоого, тагыраагы аудио китепти өлкөдөгү кино жана театр жаатындагы белгилүү актерлор окуган
4/5
Кыргызстанда эң алгачкы саамалык болгон жаңычыл долбоорду бет ачарын Билим берүү системасынын өкүлдөрү жасады. Ага Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Кыргыз билим берүү академиясынан, инновациялык мектептердин директорлору жана окуучулар катышты
5/5
Долбоорду коомчулукка тартуулоо салтанаты Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өттү.

Кыргызстанда эң алгачкы саамалык болгон жаңычыл долбоорду бет ачарын Билим берүү системасынын өкүлдөрү жасады. Ага Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Кыргыз билим берүү академиясынан, инновациялык мектептердин директорлору жана окуучулар катышты.

Долбоорду коомчулукка тартуулоо салтанаты Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өттү.

"Сынган кылыч" аудио китебинин бет ачары Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу астында окутуунун электрондук усулуна арналган иш-чаранын алкагында өттү.

Долбоор тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева пикирин билдирди.

"Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун бул долбоору чындыгында эле уникалдуу эмгек болуп саналат. Мунун билим берүү системасындагы реформалардын учурунда окутуу жана сабак өтүүдөгү усулунун мааниси чоң. Андыктан, Касымбековдун "Сынган кылычы" боюнча аудио китеби мектеп программасында сөзсүз колдонулчу эмгектердин бирине кирип, андай саамалык долбоорлордун үлгүсү болуп калды. Sputnik Кыргызстан агенттигине мындай түйшүктүү эмгек жана билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди министр айым.

Ал эми Кыргыз билим берүү академиясынын Башкы илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев өзүнүн рецензиясында долбоор туурасында эң сонун, таасирдүү методикалык ыкма деген баасын берген.

Награждение победителей конкурса фотожурналистики им. А. Стенина - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын фото кабарчысына эл аралык сынакта сыйлык тапшырылды
"Долбоор түзүүчүлөрүнүн "Сынган кылыч" романы боюнча компетенттүү экени жана чыгарманын сюжетин эң жакшы билгендиги байкалат. Бул долбоор сапаттуу жана оригиналдуу, методикалык жактан чебер түзүлгөн. Бул долбоор жарыкка чыкса, республиканын мектептери жана жогорку окуу жайлары да колдонсо болот", — деди Байгазиев.

Ал эми Sputnik Кыргызстан радиосу менен маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина аталган агенттик өлкөнүн ар бир тармагына, анын ичинен билим берүүгө да салым кошуп жаткандыгын айтты.

"Sputnik Кыргызстан жалпыга маалымдоо каражаттары элди актуалдуу окуялар менен гана камсыздабастан, коомчулукта агартуучулук милдетти аркалаарын дагы бир ирет көрсөттү. Sputnik жасаган долбоорлор туризм, маданият, экономикага гана тармактарында эмес, эми билим берүүдө да жогорку баага арзып, элге жана өлкөгө пайда алып келип жатканына кубанычтабыз", — деди ал.

Төлөгөн Касымбековдун жыйнагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сынган кылыч" туурасында 12 кызыктуу факт
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттикте кыргыз жана орус тилиндеги портал, радио ресурс, мультимедиалык жогорку технологиялуу пресс-борбор бар. Sputnik Кыргызстан жаңылыктар порталы өлкөдөгү интернет-ЖМКлардын арасында алдыңкылардан болуп келе жатат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0