Мектептердеги китеп жетишсиздиги беш жылдын ичинде толугу менен чечилет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүШкольная ярмарка в Новосибирске
Школьная ярмарка в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкөдөгү мектептерде орус тилдүү китептер тартыш

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Мектептердеги китеп жетишсиздиги беш жылда толугу менен чечилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Электрондук библиотека. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкө аймагындагы 60 мектепте электрондук китепкана ачылат
Министр 14-сентябрда Бишкек шаарындагы кээ бир мектептердин колдонуп жаткан окуу куралдарынын абалы менен таанышып чыкты. Анда көпчүлүк билим берүү мекемелери жетишсиз окуу китептерин ата-энелердин жардамы менен сатып алып жаткандыгы белгилүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Гулмира Кудайбердиева аталган көйгөй беш жылдын ичинде чечиле турганын айтты.

"Азыр каралып жаткан маселелердин баарын тактап, ишке ашырсак жана тиешелүү чараларды көрсөк, буюрса, беш жылдын ичинде мектептерди китеп менен толук камсыз кылабыз", — деди Кудайбердиева.

Учурда өлкөдөгү мектептерде орус тилдүү китептер тартыш. Алар менен мейтептердин 83,6 пайызы камсыздалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0