Атамбаев Таластагы драма театрынын курулушун бүтүрүүгө акча бөлдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТаласская область в Кыргызстане
Таласская область в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүнгөн каражатка курулуш иштери бүткөрүлүп, театрга керектүү жабдуулар сатып алынмакчы.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрынын курулушун соңуна чыгаруу үчүн президенттик фонддон 45 миллион сом бөлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

В Оше состоялась премьера спектакля Барсбек - Sputnik Кыргызстан
Радио
Раев: Лондон менен театр жаатында кызматташууну улантабыз
Эскерте кетсек, облустук музыкалык-драма театры өкмөттүн демилгеси менен 2008-жылы салына баштаган. Курулуш иштери 10 жылга созулуп, актерлор ижарага алынган имаратта иштеп келишкен.

Каражат өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине бөлүндү. Ага курулуш иштери бүткөрүлүп, театрга керектүү жабдуулар сатып алынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0