Конок тосо албаган мамлекеттердин тизмеси жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековВстреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту "Манас"
Встреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизменин көч башында Афганистан, Түндүк Корея, Сомали, Сирия жана Түркмөнстан турат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өлкөгө келген туристтерден виза талап кылып, башкалар үчүн жабык болгон мамлекеттердин тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Passport Index  порталына жарыяланган рейтингде айтылат.

Тизменин көч башында Афганистан, Түндүк Корея, Сомали, Сирия жана Түркмөнстан турат.

Сайт evisa.e-gov.kg - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда чет элдиктер үчүн "электрондук виза" иштей баштайт
Экинчи орунду Намибия мамлекети үчүн гана визасыз режим киргизген Ангола ээледи. Үчүнчү орунда Бутан, Экваториалдык Гвинея, Эритрея, Ирак жана Ливия мамлекеттери турат. Алар үч мамлекетке гана визасыз режим киргизген.

Кыргызстан аталган рейтингдин 65-сабында. Кыргызстандын паспорту бар жарандар 58 мамлекетке визасы жок бара алса, 81 мамлекеттин тургундары бизге визасы жок келе алат.

Буга чейин аталган портал сентябрда туристтер үчүн ыңгайлуу, меймандос мамлекеттердин тизмесин чыгарган. Тизменин алдыңкы катарына Комор аралдары, Кот-д'Ивуар, Гвинея-Бисау, Мадагаскар, Мальдив аралдары кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0