Бишкекте өзгөчө катмардагы адамдардын ишке алынуусу талкууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Республиканского ожогового центра Бишкека
Деятельность Республиканского ожогового центра Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар коомчулукту Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин экономикалык укуктарын ишке ашыруу боюнча өз ойлорун билдирген диалогго чакырган.

БИШКЕК, 14-сент. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн "Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын экономикалык укуктарын ишке ашыруу: тараптардын пикири" аттуу иш-чара өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматта иш-чарада министрликтердин, ведомстволордун, жеке жана мамлекеттик компаниялардын өкүлдөрү майып адамдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жеке бизнесин жүргүзүү тууралуу кеп болору айтылган.

"Журналисттер коомдук жайлардын өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн ыңгайлуу болушу жөнүндө дайым айтып келишет. Анткен менен мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жумуш менен камсыз болушу жөнүндө күнүгө көтөрүлбөсүн моюнга алышыбыз керек", — деп айтылган алар тараткан маалыматта.

Буту жок бала футбол ойноп интернетти жарды. Таланттуу Азистин тарыхы - Sputnik Кыргызстан
Буту жок бала футбол ойноп интернетти жарды. Таланттуу Азистин тарыхы
Уюштуруучулар коомчулукту Кыргызстандагы майыптардын экономикалык укуктарын ишке ашыруу боюнча өздөрүнүн ойлорун билдирген диалогго чакырган.

"Иш-чара диалог формасында жүргөндүктөн, ага катышкандардын баары суроо берип, аталган көйгөйлөрдү кандай жолдор менен чечүү керектиги жөнүндө сунуштарын берсе болот", — деп айтышты алар.

Иш-чара Бишкек шаарындагы "Достук" мейманканасында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0