06:45 25 Аяк оона 2017
Түз эфир
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы коюлуп жаткан маалымат киоскилери менен таанышып чыккан

Кыргызстанда 400дөн ашуун маалымат киоскилери ачылат

© Фото / пресс-служба ГРС КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
67 0 0

Жабдуулар Япония өкмөтү бөлгөн 5 миллион 600 миң доллар гранттык каражатка сатып алынды

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы коюлуп жаткан маалымат киоскилери менен таанышып чыккандыгын ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Республика боюнча "Кыргыз почтасы" ишканасынын байланыш бөлүмдөрүндө октябрь айына чейин 434 киоск ачылат. Бул "Таза Коом" улуттук долбоорунун алкагында ишке ашууда.

  • Ход установочных работ информационных киосков в Сокулукском районе
    Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы коюлуп жаткан маалымат киоскилери менен таанышып чыккан
    © Фото / пресс-служба ГРС КР
  • Республика боюнча Кыргыз почтасы ишканасынын байланыш бөлүмдөрүндө октябрь айына чейин 434 киоск ачылат.
    Ход установочных работ информационных киосков в Сокулукском районе
    © Фото / пресс-служба ГРС КР
  • Ход установочных работ информационных киосков в Сокулукском районе
    Догоев маалымат киоскисинде иштей турган адистер учурда даярдыктан өтүп жаткандыгын билдирди.
    © Фото / пресс-служба ГРС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГРС КР
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы коюлуп жаткан маалымат киоскилери менен таанышып чыккан

Догоев маалымат киоскисинде иштей турган адистер учурда даярдыктан өтүп жаткандыгын билдирди.

"Чакан борборлор келе жаткан жумада тестирлөөдөн өтө баштайт. Эл мурдагыдай район, облус жана шаарлардагы Калкты тейлөө борборлоруна барып убара болбой, өзүнө жакын жердеги маалымат киоскисине кайрыла алат", — деди ал.

Мындай жайга талап кылынчу жабдуулар Япония өкмөтү бөлгөн 5 миллион 600 миң доллар гранттык каражатка сатып алынды.

Тема боюнча

Wi-Fi жана балдар аянтчасы. Калкты тейлөө борборунда кезек күтүү жеңилдейт
Белгилер:
кызмат, маалымат, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ