06:47 25 Аяк оона 2017
Түз эфир
Бишкектеги калкты тейлөө борбору. Архивдик сүрөт

Wi-Fi жана балдар аянтчасы. Калкты тейлөө борборунда кезек күтүү жеңилдейт

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
5110

Калкты тейлөө борборуна кайрылгандардын саны өсүп жаткандыктан жаңы борбор куруу чечими чыкты

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкектиктер үчүн бардык шарты түзүлгөн Калкты тейлөө борборун ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевге шилтеме берүү менен билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаков шаршемби күнү Мамкаттоо жетекчиси менен жолугуп, эл Калкты тейлөө борборлорунда кезек күтпөшү керектигин жана паспорттор өз убагында берилиши зарылдыгын билдирген.

"Жарандар Калкты тейлөө борборлорунда узун кезек жаралганын жана паспорттор өз мөөнөтүндө бүтпөй жатканын айтышууда. Бул көрүнүштү тез арада жоюу керек. Керектүү кагаздарды тапшырган адам өз мөөнөтүндө документ алууга укуктуу", — деп өкмөт башчы билдирген.

Ал эми Догоев акыркы күндөрү тейлөө борборлоруна кайрылган адамдардын саны үч эсе көбөйгөндүктөн, кызматкерлер эки смен менен иштеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Бишкектин Валиханов көчөсүндөгү калкты тейлөө борборунун аянты 600 чарчы метрди гана түзөт. Бирок ага карабастан күнүгө эки миңге жакын адамга кызмат көрсөтүлүп келет.

Догоев тейлөө борборлорунда көйгөй бар экенин ырастап, бирок ал жоюлганын айтты.

"Жакынкы аралыкта бардык шарттары бар дагы бир калкты тейлөө борборунун ачылышы пландалып жатат. Анда бекер Wi-Fi, күтүү залы, балдар жана энелер бөлмөсү бар. Ошондой эле 18-сентябрдан тарта паспортту үйгө жеткирип берүү кызматы ишке кирет", — деди Догоев.

Ал ошондой эле тиешелүү документтерин тапшырган жарандар жаңы паспортту 12 иш күндүн ичинде алып жатышканын кошумчалады.

Тема боюнча

Куралбекова: учурда тейлөө тармагынын адистерине талап жогору
Жаманкулов: тарыхый жайларда тейлөө кызматын жакшырталы деп жатабыз
Белгилер:
паспорт, Калкты тейлөө борбору, Дастан Догоев, Сапар Исаков

ЭҢ МААНИЛҮҮ