06:15 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Горное ущелье Джеты-Огуз в Иссык-Кульской области

Чүйдүн токой чарбасында көгүлтүр карагайдын 1,3 млн. сомдук көчөттөрү жоголду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
53 0 0

Жоголгон көчөттүн ар бири 916 сомду түзөт

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Чүй облусунун токой чарбасында көгүлтүр карагайдын 1466 көчөтү кемип калганы аныкталганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Чүй облусунун прокуратурасы баалуу дарактардын көчөттөрүнүн саны кемигенин 8-августта жүргүзүлгөн инвентаризациянын акты дагы тастыктап турганын баса белгилейт. Аталган инвентаризация Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын буйругу менен жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, ар бир көчөттүн баасы 916 сомду түзгөн.

Ошентип мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы 1 миллион 342 миң 856 сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Чүй райондук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин "ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу", "шалаакылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Иш Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгына берилди.

Тема боюнча

Жаш окумуштуулар токой чарбасы боюнча конференцияга чогулат
Токой чарбасы: атылган тоо текелер менен түшкөн сүрөт 2012-жылы тартылган
Белгилер:
кылмыш иши, прокуратура, Чүй облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ