Бекназаровдун уулу — Бабановдун өкүл баласы. Талапкерлердин балдары жөнүндө

Жазылуу
Өлкөнүн биринчи адамынын жакындары ар дайым эл көзүндө. Коом аларды карап түздөнчү үй-бүлөнүн уул-кыздары кайда окуп, эмне иш менен алек болору дагы жалпыга кызык.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги президенттик кызматка ат салышып жаткан талапкерлердин балдарына кызыгып көрдү.

Арстанбек Абдылдаев

"Эл үчүн" саясий партиясын жетекчиси Арстанбек Абдылдаевдин эки уул, эки кызы бар. Улуу кызы Аксана 26 жашта, Кыргызстан эл аралык университетинен юридикалык билимге ээ болгон. Экинчиси Фатима 23 жашта, кесиби боюнча дипломат. Учурда экөө тең банк системасында эмгектенишет. Уулдарынын улуусу Аурдин 20 жашка, кенжеси Төрөбай 17 жашка чыкты. Алар Бишкектеги Юридикалык академияда билим алууда.

Азимбек Бекназаров

Пресс-конференция президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Президентикке талапкер болчулардын ата-энеси, жубайы жана балдары жөнүндө...
Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун үч уулу тең ата жолун жолдоп, юридикалык билим алышкан. 36 жаштагы Руслан Бекназаровдун аты коомчулукка таанымал. Ал учурда Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүн жетектейт. Буга чейин КР Акыйкатчы аппаратында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында иштеген. Ошондой эле Тышкы иштер министринин жардамчысы, Япониядагы кыргыз элчилигинде атташе кызматтарын аркалаган. Жогорку Кеңештин депутаттыгына БЭК жана "Республика — Ата-Журт " партияларынын катарында талапкер болгон.

Экинчи уулу Эрнис 34 жашта. Эмгек жолун прокуратура системасынан баштап, учурда ишкерлик менен алектенет. Депутат Мыктыбек Абдылдаевдин Мээрим аттуу кызына үйлөнгөн, эки баланын атасы. Президенттикке дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүл баласы.

Кичүү уулу Токтогул 23 жашта, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын акыркы курсунун студенти.

Өмүрбек Бабанов

"Республикачы" Өмүрбек Бабановдун бир уулу, үч кызы бар. Улуу кызы Айпери — Англия өлкөсүндөгү жогорку окуу жайлардын биринин студенти. Уулунун аты — Нурэмир. Баласы менен бир кызы мектеп окуучулары. Кенже кызы бир жашта.

Сооронбай Жээнбеков

Портфель - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлер кайсы учурда жарыштан четтейт
Экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жубайы Айгүл экөөнүн бир уулу, бир кызы бар. ЖМКларда Жээнбековдун балдары тууралуу маалыматтар жокко эсе. Кызы бир нече жыл мурда турмушка чыккан. Уулу — мектеп окуучусу. Учурда Бишкектеги орто мектептерди биринде билим алат.

Улукбек Кочкоров

Экс-депутат Улукбек Кочкоровдун баш баласынын төртөө мектеп курагында. Тун уулу Таалайбек Бишкектеги мектептердин биринде 9-класста окуса, кичүү уулу Сабырбек быйыл мектеп босогосун аттады. Алардын ортосунда Айканыш аттуу кызы, Амирбек аттуу уулу бар. Үй-бүлөнүн кенжеси Нурия 1,5 жашта.

Арсланбек Малиев

"Аалам" партиясынын лидери Арсланбек Малиев үч кыз, бир уулдун атасы. Тун кызы Каухар 30 жашта. АКШнын Виржиния университетин аяктап, учурда Вашингтондо консалтинг компаниясында эмгектенет. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. Экинчиси кызы Айсана 22 жашта. Ал дагы Америкада жогорку билим алып, Вашингтон шаарында жашайт. Жеке клиникада иштейт. Турмуш кура элек. 18 жаштагы Айрина аттуу кызы Канада мамлекетинин Ванкувер шаарында окуйт. Кенжеси уул, 15 жаштагы Алекс Бишкекте мектеп окуучусу.

Адахан Мадумаров

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: кыргызстандыктар ыплас шайлоону кабыл алышпайт
Адахан Мадумаровдун Нурмухаммед, Динмухаммед жана Алихан аттуу уулдары бар. Туну Нурмухаммед 26 жашта. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Учурда иштебейт. Экинчиси — Динмухаммед 21 жашта. Кесиби боюнча дипломат. Кичүүсү сегиз жашта, Бишкектеги мектептердин биринде 3-класста окуйт.

Темир Сариев

"Ак шумкарчы" Темир Сариевге жубайы Айжан бир уул менен бир кыз төрөп берген. Кызы Айгерим Борбор Азиядагы Америка университетин (АУЦА) аяктаган. Учурда өзүнүн чакан бизнеси бар. Уулу Бекболот 14 жашта, мектеп окуучусу. Математика сабагынан мыкты окуйт, футболго кызыгат.

Бакыт Төрөбаев

"Өнүгүү—Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жубайы Асел менен 1997-жылы баш кошуп, учурда экөө беш баланын ата-энеси болгон. Анын төртөө уул, бири кыз. Балдарынын улуусу өтүп кеткен окуу жылында мектепти аяктады. Кенжеси — кыз.

Камчыбек Ташиев

Камчыбек Ташиев менен жубайы эки кыз, үч уулду тарбиялап келет. Улуу кызы Кыргыз-орус славян университетинен котормочу кесибине ээ болгон, учурда өз кесиби менен иштейт. Үч баланын энеси. Уулдары Таймурас менен Темирлан Россиянын Томск шаарында жогорку окуу жайда окушат. Экөө тең Кыргызстанда аскер кызматын өтөгөн. Үчүнчү баласы Эмирхан мектептин 7-классында. Кичирээк кезинде тасмага тартылган. Учурда Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасында жарым коргоочу. Кичүү кызы Сумая үч жашта.

Токтайым Үмөталиева

Выборы президента в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодо ким канча табат? Саясий технологдордон ырчы-чоорчуларга чейин
"Ай-Данек" гезитинин башкы редактору Токтайым Үмөталиева үч кыздын энеси. Тун кызы Миргүл 32 жашта, Лондондогу Экономика университетинен магистр даражасына ээ болгон. Үй-бүлөлүү, БУУ системасында иштейт. Экинчиси 30 жашта, аты — Назгүл. Кыргыз-орус славян университетин акятаган, "Ай-Данек" гезитинде редактор. Кенжеси Бурашты эл ырчы катары тааныйт. 24 жаштагы Бураш юридикалык факультетте билим алган.

Эрнис Зарлыков

Эрнис Зарлыковдун өзүнүн айтымында, эки студент кызы бар.

Таалатбек Масадыков

Таалатбек Масадыковдун үч баласы бар. Тун уулу 30 жашта. Чет өлкөдө эл аралык уюмдардын биринде иштейт. Экинчи баласы мектеп окуучусу, кенжеси — кыз, 1,5 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0