Кыргызстанда "Диснейленд" курам! Бишкектик карапайым жигиттин баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКөзү начар көргөн Сейтек Абдылхаиров
Көзү начар көргөн Сейтек Абдылхаиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзү начар көргөн Сейтек Абдылхаиров аткаминерлердин көмөгү жок эле борбор калаадагы жаңы конуштардын шарттарын жакшырткысы келет. Өз демилгесин кантип ишке ашыра тургандыгын жаш жигит Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотовага айтып берди.

Айланага көз чаптыргылачы. Эмнени көрүп турасыңар? Жакшы көргөн орундук, ачык түстөгү көйнөкчөн кесиптеш же тажаткан жарнамалык роликти көрсөтүп жаткан телевизорбу?

Мунун баарын күнүгө көрүп жүргөндүктөн маани деле бербесеңиз керек. Сейтектин жөнү башка, анын көздөрү көрүүсү орточо адам көрө алгандын 30-40 пайызын гана ажырата алат. Бирок аны менен баарлашуу дүйнөгө ал менден да кең көз чаптыргандай таасир калтырды.

© Sputnik / Табылды КадырбековСейтек Абдылхаиров: ата-энем мени кадимки мектепке берген. Окууда көйгөйүм көп, башкаларга караганда мага татаал болду. Адамдар дээрлик көрбөй турганымды билишкенде жардам берүүгө аракет кылышат
Молодой активист Сейтек Абдылхаиров - Sputnik Кыргызстан
Сейтек Абдылхаиров: ата-энем мени кадимки мектепке берген. Окууда көйгөйүм көп, башкаларга караганда мага татаал болду. Адамдар дээрлик көрбөй турганымды билишкенде жардам берүүгө аракет кылышат

— Угушубузча, Кыргызстанда "Диснейленд" курууну самаган жигит экенсиз…

— Биздин долбоор жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртууну көздөйт. Анүчүн биз адагенде ал жактарды жарыктандырып, андан соң, балдар ойноочу аянтча жана жергиликтүү тургундар эс алчу аймактарды курабыз. Кийин Борбор Азиядагы эң ири аттракцион паркын курууну пландаштыруудабыз. Ар тараптан бизге келип, асманга жеткирчүдөй аттракциондорго түшүп, катапультадан ылдыйлап, чоң кемелерде сүзүп кетип турушун каалайбыз.

— Мындай ой кандайча жаралды?

Бизнесмен Эркин Джаманбаев - Sputnik Кыргызстан
Долбоорум ишке ашпай, 700 миң доллар чыгым болгом. Кыргызстандык ишкердин баяны
— Улуу инсандардын өмүр баяндарын окуган жагат. Уолт Диснейдин тарыхы кокусунан колума тийип калды. Ал көптөгөн банктарга өз долбоорун каржылоо өтүнүчү менен кайрылган экен, бирок баары андан баш тарткан. Бир гана адам ал ишке акча салууга макул болгон. Дисней канчалаган кыйынчылыктарды жеңип өткөнүн элестетип көргүлө, бирок эч убакта кол куушуруп отуруп калган эмес!

Мага бул улуу мультипликатордун баскан жолу гана таасир эткен жок. Бир топ жылдан бери балдар менен иш алпарам, алар мени аябай шыктандырып турат. Бир тууган агам жана досторум менен биргеликте долбоорду ишке ашырып, балдарга жардам берип келебиз. Маселен, Ак-Суу районундагы БЦП менен ооруган балдардын санаторийинин дубалдарына сүрөт тартып, ойноо үчүн аянт курганбыз. Балдар аябай ыраазы болгон. Ошондо жашоомду балдар менен иштөөгө арнагым келгенин аңдагам.

Акча топтоп, батуттарды (балдар секирип ойноочу желим) ар кайсы райондорго орнотуп келебиз. Бул кичине болсо да, баары бир аттракцион.

© Sputnik / Табылды КадырбековСейтек Абдылхаиров: агам экөөбүздүн тукум кууган дартыбыз бар. Мен дарыланып турам, бирок бул дарттын айырмачылыгы – көрүү баары бир бара-бара начарлай бергенинде. Келечекте таптакыр көрө албай калышым ыктымал
Молодой активист Сейтек Абдылхаиров - Sputnik Кыргызстан
Сейтек Абдылхаиров: агам экөөбүздүн тукум кууган дартыбыз бар. Мен дарыланып турам, бирок бул дарттын айырмачылыгы – көрүү баары бир бара-бара начарлай бергенинде. Келечекте таптакыр көрө албай калышым ыктымал

— Сиздер орноткон батутта секирүүгө канча акы алынат?

— Бекер деп айтпайм, бирок мындай көңүл ачуунун 15 мүнөтү бир балмуздактан кымбат турбашы керек — 20 сом. Бир батуттун баасы 1,5 миң долларды түзөт. Бирок мындан киреше көрүүнү көздөгөн эмеспиз. Бул болгону көңүлгө жаккан иш.

— Долбоорлорду ишке ашырууда ата-энеңиз акчадан жардам береби?

Планшет кармап турган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
30 жаштан кийин өрт алган кыргызстандыктар
— Ата-энем карапайым адамдар. Апам мамлекеттик иште катардагы кызматкер, атам өмүр бою "Кыргыз темир жолу" ишканасында эмгектенет. Ал ден соолук көйгөйүнө карабай дайым башкалардан да көп жана жакшы иштеш керектигин айтат.

Ойлорум арбын, мүмкүнчүлүккө жараша аларды четинен ишке ашырып келе жатам. Санаалаштарым менен Ысык-Көлдө жайкы пиццерия ачтык, ошону менен катар эле айыл чарбасы менен да алекпиз, чакан аянтта жүгөрү өстүрөбүз.

— Көрүүңүз туурасында сурабай кое албайм. Орток таанышыбыз сиз менен баарлашкандан үч айдан кийин гана начар көрө турганыңызды капысынан билиптир…

— Агам экөөбүздүн тукум кууган дартыбыз бар. Мен дарыланып турам, бирок бул дарттын айырмачылыгы – көрүү баары бир бара-бара начарлай бергенинде. Келечекте таптакыр көрө албай калышым ыктымал. Бирок төрт дубал ичинде жашоодон коркуп, алсыз болуп калгым келбейт. Ошондуктан колумдан келип турганда акыркы күчүмө чейин жан үрөйм.

Ата-энем мени кадимки мектепке берген. Окууда көйгөйүм көп, башкаларга караганда мага татаал болду. Адамдар дээрлик көрбөй турганымды билишкенде жардам берүүгө аракет кылышат. Бирок андай мамиле мени кыжырдантат, көмөк керек болуп калса кайрылам, үйрүлө түшүүнүн зарылчылыгы жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековСейтек Абдылхаиров: ата-энем карапайым адамдар. Апам мамлекеттик иште катардагы кызматкер, атам өмүр бою "Кыргыз темир жолу" ишканасында эмгектенет. Ал ден соолук көйгөйүнө карабай дайым башкалардан да көп жана жакшы иштеш керектигин айтат
Молодой активист Сейтек Абдылхаиров - Sputnik Кыргызстан
Сейтек Абдылхаиров: ата-энем карапайым адамдар. Апам мамлекеттик иште катардагы кызматкер, атам өмүр бою "Кыргыз темир жолу" ишканасында эмгектенет. Ал ден соолук көйгөйүнө карабай дайым башкалардан да көп жана жакшы иштеш керектигин айтат

— Ысык-Көлдөгү пиццерия боюнча кенен токтолсоңуз…

— 2015-жылы көл жээгинде суусундук саткан жер ачканбыз. Кийинки жылы пиццерия ачууну чечтик. Кафени ижарага алып, эмеректерин өзүбүз жасагандыктан 100 миң сомдон ашык каражат үнөмдөй алдык. Андан соң, адаттагыдай эле ашпозчу жалдадык, башка жумушчуларды алдык… Көп киреше таптык деп айта албайм, салган акчабызды актап алдык. Мында кеп материалдык кызыкчылыкта эмес, мындай ишти өнүктүрүп кетүү ар бир кишинин колунан келе турганында.

— Чындап эле эч кандай кыйынчылыктарга кабылган жоксуздарбы?

Кыргызстандык профессор Нурлан Наматов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Елизавета II менен Барак Обаманы "багынткан" бишкектик профессор
— Аймактарда "түшүнүктөр" менен жашаган адамдар азыр да бар. Маселен, бизди үстүртөн коргоп турууну сунушташты. Андай нерселер, албетте, көңүл чөгөртөт, бирок аларга баарын түшүндүрүп, өзүбүз студент экенибизди, ашыкча акчабыз жоктугун айтып сүйлөшүп алып жаттык.

— Сиздин оюңузча, борбор калаадагы жаңы конуштардын шартын кантип жакшыртууга болот?

— Азыркы тапта "Арча-Бешик" жаңы конушунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорду иштеп чыкканы калдык. Учурда брусчатка чыгарууга инвестор издеп жатабыз. Аны конуштарга төшөө планыбызда бар. Себеби калаанын борборунда гана эмес, чет жакасында да жакшы жана ыңгайлуу шарттары менен жашоого боло турганын адамдардын акылына жеткирүү чагы келди. Мындай долбоорлорго демөөрчү табыш кыйын, ошондуктан баарын өз күчүбүз менен жасоого талпынуудабыз. Адамдарга бюджетти өз алдынча эсептеп чыгып, акча топтоп, шамчырактарды орнотууну сунуштайбыз. Биздин кызматтарга төлөп берүүгө туура келет, бирок акысы жогору эмес. Колубуздан баары келерине ишенем!

Жаңылыктар түрмөгү
0