Боюман улам сокур болуп кала жаздагам. Эң узун кыргызстандык менен маек

© Фото / предоставлено Сергеем ИльинымКыргызстандагы эң узун кишилердин бири Сергей Ильин (солдо) "Азия Mix" командасынын мүчөсү Марат Джуманалиев менен
Кыргызстандагы эң узун кишилердин бири Сергей Ильин (солдо) Азия Mix командасынын мүчөсү Марат Джуманалиев менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Ильин Кыргызстандагы эң узун кишилердин бири. Анын жанында баскетбол командасында ойногондор да эргежээл көрүнөт. Ошол эле учурда ал көп сүйлөй бербейт экен.

Бою узун мекендешти издеп табуу бир топ кыйынга турду. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары издөөгө жардам берип, алардын көмөгү менен "эң узун Сергейди" таптык. Аны тапканыбыз менен кепке тартып, маек алуу да кыйынга турду. Себеби ал дайыма Ысык-Көлдө болуп, баскетболчулардын жаңы муунун тарбиялоодо машыктыруучуга жардам берет. Ошол эле учурда ал өтө кыска, анан нуска сүйлөйт экен.

— Боюңуз канча?
— Эки метр 25 сантиметр.

— Курбалдаштарыңыздан айырмаланып баратканыңызды качан сездиңиз?
— Мектептен кийин. Катарда экинчи турчумун. Россияга окууга барганда ал жактан дагы өстүм.

— Эмнеге боюм узун деп ойлондуңуз беле? Балким бардыгына спорт "күнөөлүү" болуп жүрбөсүн, же апаңыз сизге өзгөчө аярлап тамак берчү беле?
— Бойдун өсүшүн көзөмөлдөгөн безим (гипофиз) шишип кеткен. Мени Россиянын "Динамо" баскетбол клубуна чакырганда анализ тапшыргам. Ал жактан ушундай жыйынтык чыгарышкан. Операция жасап, андан кийин боюм токтоду.

— Өлүп калмак экенсиз да?!
— Өлмөк эмесмин, сокур болуп калышым ыктымал болчу. Дарыгерлер убагында келгенимди айтышты.

#ик2017 #тамчи #сборы #баскетбол #орск #базарусь

Публикация от Sergey Ilin (@sergey225) Сен 4 2017 в 7:13 PDT

— Адамдар сизди кандай кабыл алат?
— Сиз кандай кабыл алып жатасыз? Суроону элге берип көрүңүз да…

— Мен сизди кечке эле тиктей бермекмин.
— Мына ушундай…

— Боюңузга байланыштуу өзгөчө окуялар болду беле?
— Жок.

— Кишилер сүрөткө түшүп алалы деп көп кайрылабы?
— Ооба.

#всекаквсегда 📷📷📷

Публикация от Sergey Ilin (@sergey225) Июл 27 2017 в 11:08 PDT

— Макул болосузбу?
— Суранганына жараша.

— Катуу айткандар болобу?
— Андайлар көп. Өзгөчө Кыргызстанда.

— Адашпасам баскетбол менен профессионалдык деңгээлде машыгасыз, ээ?
— Таштагам. Ойнобогонума бир жыл болуп калды.

— Бирок азыр атайын машыгууда эмессизби?
— Машыктыруучуга жардам берип жатам.

#универсиада #первые #Бишкек🇰🇬

Публикация от Sergey Ilin (@sergey225) Апр 21 2017 в 11:32 PDT

— Сизди ар бир команда өзүнө кошуп алгысы келсе керек.
— Кыргызстанда спорт өнүккөн эмес. Ошондуктан акыркы убакта Россия, Казакстан үчүн ойноп жүрдүм.

— Сиз кайрадан Россияга кетем деген экенсиз.
— Сентябрь иштеп койсом, октябрда кетем.

— Бул жакта эмне иш кыласыз?
— Баарын жасай берем.

— Кененирээк айтып бериңизчи.
— Машыктыруучуга жардам берем, администратор болом, ар нерсенин баары колунан келген чебер болуп кетем…

— Боюңузга туура келген кыз табуу жеңил эмес болсо керек?
— Анын кандай мааниси бар? Мен буга башымды оорутпайм.

— Эңкейе бербей дегеним да…
— Көтөрүп деле алам.

— Боюңуз көйгөй жаратпайбы?
— Жок.

— Маршруткаларда жакшы эле жүрөсүзбү?
— Маршруткага түшпөйм.

Part 2 @cinema_avenue https://cloud.mail.ru/public/JiGh/y33p7g3Hr

Публикация от Sergey Ilin (@sergey225) Фев 12 2017 в 5:19 PST

— Эшиктерди жөөлөп өтсөңүз керек?
— Көнүп деле калдым.

— Сыйкырчы келип боюңузду кыскартып берем десе макул болот белеңиз?
— Жок. Кудайдын бергенине ыраазымын

— Боюңуздан улам өзгөчө окуяларга туш болдуңуз беле?
— Жаңы эле сурабадыңыз беле…

— Бу жолкусунда жооп берет го деп ойлогом да… Негизи оюм ишке ашып кетчү эле.
— Адамдар ар кандай эмеспи (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0