Активисттер оң рулдуу унааларга тыюу салууга каршы кол топтоп жатат

Жазылуу
Бир сутка ичинде онлайн документке 142 адам кол койгон, дагы 52 билдирме керектелүүдө

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын активисттери оң рулдуу унааларга тыюу салууга каршы кол топтоп жатышат. Петиция change.org сайтына жарыяланган.

Праворульное авто - Sputnik Кыргызстан
Оң рулдуу таксилерге 4 айдан соң тыюу салынат. 50 миң сомго чейинки айыппул. Долбоор
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "унаа транспорту" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун коомдук талкууга койгон. Анда оң рулдуу унааларды айдоого тыюу салуу сунушталган.

Активисттер миңдеген жарандар үй-бүлөсүн багуу үчүн оң рулдуу унааларды насыяга алгандыгын жана авто алардын негизги киреше булагы экендигин белгилешүүдө. Ошондой эле ИИМде коррупциялык схемалар иштеп кетиши мүмкүн экенин жүйө катары келтирип жатышат.

Документ өкмөткө, президенттин аппаратына жана ИИМге жөнөтүлдү. Бир сутка ичинде петицияга 142 адам кол койгон, дагы 52 билдирме жетишпей жатканы change.org сайтына жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0