Адам өмүрүн алган жол кырсыктын күнөөкөрүнө 1 млн. сом айып салуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековНаезд на пешехода на проспекте Чуй
Наезд на пешехода на проспекте Чуй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер мыйзам долбоору колдоого алынса жол кырсыгынын себепчисине ири суммада айып салынат же абакка кесилет.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев бир же андан көп кишинин өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрлөрүнө бир миллион сомго чейин айып салууну сунуштады.

Депутат мыйзамдын негиздемисинде машина менен адамды сүзүп өлтүрүү бул кокустуктук экенин айткан. Бирок айыпталуучу же анын туугандары жарашуу укугунан пайдаланып, дароо эле каза болгон кишинин туугандарын паралап коюуга чуркашарын белгилеген.

"Көпчүлүк учурда каза болгон кишинин туугандары сөзгө келип кечиришет, бул өз кезегинде күнөөлүү кишинин жазаланбай калуусун шарттайт. Мындай абал коомдо кадыресе көрүнүш болуп баратат. Адамдын өлүмү кырсык катары сыпатталып, күнөөлүү тарап жоопко тартылбай дагы деле машина айдап жүрөт", — деди депутат.

Андыктан эл өкүлү жол кырсыгына себепкер болгондорго карата айып пулдун көлөмүн жогорулатууну сунуштап жатканын белгиледи.

Эгер жүргүнчү, жөө адам же айдоочу жол эрежесин бузуп, андан кишилер жабыркаса, долбоор боюнча 50 миң сом айып каралган. Азыркы мыйзам боюнча мындай учурда 5 миң сом гана айып төлөнүп келет.

Праворульное авто - Sputnik Кыргызстан
Оң рулдуу таксилерге 4 айдан соң тыюу салынат. 50 миң сомго чейинки айыппул. Долбоор
Эгер эреже бузуудан адам өлсө анда 1 миллион сом айып салуу же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

Азыр колдонулуп жаткан мыйзамда мындай эреже бузгандар эл алдында кечирим сурап, келтирилген чыгымды төлөп берет, же 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Болбосо эки жыл түзөтүү иштерине тартылат, же үч жылга чейин эркинен ажырайт.

Ошондой эле 1 миллион сомдук айып пул мас абалында машина айдап, адамдын өмүрүнө забын болгондорго да салынат.

Буга чейин ИИМ жол эрежесин бузгандарга салынчу айыпты жогорулатуу боюнча долбоорду сунуштаган. Ошондой эле анда 2018-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу машиналарды такси катары колдонууга тыюу салуу каралган. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0