Окуучу кызды зордуктоого аракет кылды делген дарыгер камакка алынды

Жазылуу
Милиция тергөө иштеринин кызыкчылыктарынан улам толук маалымат бере элек

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 12 жаштагы кызды ооруканадан зордуктоого аракет кылган деп шектелип жаткан дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Тергөө кызыкчылыктарынан улам башка маалыматтар азырынча айтыла элек.

Зордуктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: суусундукка арак кошуп берип карындашын зордуктады делген киши кармалды
Буга чейин ЖМКлар Кемин районундагы Орловка айылынын 53 жаштагы дарыгери 12 жаштагы кызга ийне сайып, андан кийин аны зордуктоого аракет жасаганын жазып чыккан.

Ал эми кыздын таекесинин айтымында, окуя 6-сентябрда болгон.

knews.kg агенттиги жазган маалыматтарга караганда, окуучу кыз ийнеден кийин кыймылдай албай калганын билдирип, дарыгер палатага бир нече ирет кирип ага карата сексуалдык маанайдагы аракеттерди жасаганын айтып берген.

Кыздын жакындары милицияга арыз жазып, учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатышат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул боюнча кызматтык иликтөөсүн баштады. Милиция болсо Кылмыш жаза кодексинин 133-беренеси (бузукулук) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0