Кытай менен Кыргызстандын Дин иштери боюнча мекемелери кызматташат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТрадиционный съезд мусульман "Изге Болгар Жыены" в Татарстане
Традиционный съезд мусульман Изге Болгар Жыены в Татарстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматташуу экстремизм, террорчулук менен күрөшүү, дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жаатында болот

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен Кытайдын Дин иштери боюнча комитети мындан ары тыгыз кызматташат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Пресс-секретарь Духовного управления мусульман Максат Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Атабаев: Мьянмадагы көз жумган мусулмандарга багышталып куран окулду
Кытайдын Дин иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чжан Яньтун баштаган жумушчу топ Кыргызстанга келип, алар менен муфтий Максат ажы Токтомушев жолукту.

Анда тараптар биргеликте кызматташууну жакшыртуу, экстремизм, террорчулук менен күрөшүү, дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, салттуу баалуулуктарды сактап калуу жаатында пикир алышты.

"Коңшу мамлекеттердин кызматташуусу, достук алакалары мындан дагы бекемдейт. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кытайдын Дин иштери боюнча комитети, Кытай ислам бирикмеси менен ар тараптуу кызматташууга даяр", — деген Токтомушев.

Ал эми Чжан Яньтун 2018-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан өткөрүлө турган эл аралык конференцияга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0