Кыргызстанга Араб Эмирлиги медициналык 15 унаа берет

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүВыездная экстренная консультативная бригада скорой медицинской помощи
Выездная экстренная консультативная бригада скорой медицинской помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык техникаларга медициналык жардам көрсөтө турган заманбап жабдуулар орнотулган

БИШКЕК, 9-сент. — Sputnik. Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен оор абалдагы ооруларды ташый турган медицианалык 15 унаа алып келинет. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Тез жардамдын ишин роботтор илгерилетет
Аталган автоунаалар Кыргызстанга "Ыкчам медицина" долбоорунун алкагында берилмекчи. Бардык техникаларга медициналык жардам көрсөтө турган заманбап жабдуулар орнотулган. Алар Улуттук госпиталдын санитардык авиация, Тез жардам кызматтарына каралган. Заманбап техникаларды Бишкек шаарынан сырткары Ош облусунун бир катар райондору да алышат.

Аталган техника Бишкек шаарына 10-октябрда келип түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0