Окумуштуу Ибрагимов: магниттик толкун уюлдук байланышка таасир этпейт

Жазылуу
Теле жана радио толкунга таасир эткен магниттик бороонду уюлдук байланыш тоготпой коюшу мүмкүн

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Акыркы күндөрү күндүн атмосферасында болуп жаткан майда жарылуулар уюлдук байланышка сезилээрлик таасир тийгизе албастыгын Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти, физик Рахманберди Ибрагимов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн күндүн атмосферасында дагы бир ирет майда жарылуу болгондугун ЖМКлар РФтин Илимдер академиясынын Физика институтуна таянып жазып чыккан.

"Күндүн атмосферасында майда жарылуулардан бөлүнүп чыккан электромагниттик толкун тараганда жердин магниттик талаасында чыңалуу пайда болот. Анын кесепетинен теле, радио сигналдар, байланыш начарлашы мүмкүн. Бирок бул бардык эле электрондук жабдууларга таасир бере бербейт. Мисалы, уюлдук байланыштын радио толкундары абдан кыска, миллиметрден да төмөн болгондуктан магниттик бороонго илинбей калышы толук ыктымал", — деди окумуштуу.

Анын айтымында, майда жарылуудан бөлүнгөн толкундардын көпчүлүгү жерге жеткенге чейин күчүн жоготуп коюшу толук мүмкүн.

Антарктида. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Антарктидадагы муз алдынан 91 вулкан тапты
Россиянын Илимдер академиясынын маалыматы боюнча, күн атмосферасындагы алгачкы жарылуулар 4-сентябрь күнү башталган. Андан кийинки эки жолкусу 6-сентябрь күнү катталып, ал эми кезектеги жана кубаты боюнча эң күчтүү деп эсептелген X классындагы жарылуу бүгүн болду

Мурдараак окумуштуулар жерде 4-5 баллга жеткен магниттик бороон болорун билдирген. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, анын күчү айтылгандан 10 эсеге жогору болуп турат.

Адатта жаратылыштын бул кубулушу адамдын ден-соолугуна жана байланышка бир топ таасир этери айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0