Кыргызстандык ажылардын алды ишембинин түнүндө кайтып келет

© пресс-служба ДУМК КРХадж 2015
Хадж 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы каттам Жидда — Бишкек багыты боюнча жүргүзүлөт

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу ишембинин түнүндө жергиликтүү саат боюнча 01:10до Жидда — Бишкек багыты боюнча учкан учак эл аралык "Манас" аэропортуна келип конот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ишембинин түнүндө үч каттам болот. Ар бир учакка 303 кишиден батат.

"Алгачкы каттамдарда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Бишкек шаарынан жөнөп кеткен ажылар келишет. Андан соң ажылар 19-сентябрга чейин Жидда — Ош, Медина — Ош багыттары боюнча Кыргызстанга кайтышат", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Сауд Аравиясынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 4885 орун бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0