Президент Атамбаев Нарын эли менен жолугушууга келди

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное мероприятие, посвященное 25-летию Вооруженных сил Кыргызстана
Торжественное мероприятие, посвященное 25-летию Вооруженных сил Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы сапарынын алкагында Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземинде болот

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кечээ, 7-сентябрь күнү жумушчу сапары менен Нарын облусуна барганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми бүгүн Нарын шаарында "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020 " программасынын алкагында курулчу көп кабаттуу үйдүн капсуласын салууга катышат.

"Ошондой эле президент Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине баш багат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Атамбаев Нарын облусунун эли менен жолугушуп, пикир алышары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0