Бишкектиктер 2ГИС картасынан шайлоо участкаларын таба алышат

Жазылуу
Шайлоо участокту аныктоо үчүн алгач номерди териш керек, болбосо тейлөө кызматынан үйгө жакын шайлоо комиссиясын сурап көргөн оң.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "2ГИС Бишкек" тейлөө кызматы менен бирге калаадагы шайлоо участкаларынын баарын картага түшүрдү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле картага Чүй жана Ысык-Көл облусундагы айрым участоктор да киргизилген. Колдонуучулар ал жактан участоктун даректерин, телефон номерлерин, иштөө убактысын жана ал жакка барчу коомдук транспорттордун маршрутун биле алышат.

"Шайлоо участкасы тууралуу маалымат алыш үчүн анын номерин терүү керек. Эгер анын номери белгисиз болсо үйгө кайсы добуш берүүчү жай жакын экенин билүү зарыл. Ал үчүн картада жашаган жериңди көрсөтүп, анан издөөгө "шайлоо участкалары" деп жазыш керек. Андан соң гана тейлөө кызматы сиз үчүн керектүү маалыматты чыгарып берет", — деп жазылат маалыматта.

2017-жылдын 15-октябрь күнү Кыргызстандын президентин шайлоо күнү. 30-сентябрга чейин өлкө жарандары шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн тактай алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0