Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү суусуз калды

Жазылуу
Учурда Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү үзгүлтүккө учураган

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү суусуз калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, Абдрахманов, Бөкөнбаев, Тыныстанов көчөлөрү жана Чүй проспектисинин аймагында суу саат 09:00дөн тарта токтотулган.

Учурда Киев менен Тыныстанов көчөлөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү үзгүлтүккө учураган. Жарандарга суу 17:00дөн тарта бериле баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0