Бишкектин Тез жардам кызматынын номери убактылуу өзгөрдү

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаБишкекское отделение скорой помощи
Бишкекское отделение скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байланыш саат 18.00дө калыбына келиши мүмкүн

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "103" номери аркылуу Тез жардам кызматына байланышка чыгуу мүмкүн эместигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган кызматтын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, бир нече саат мурда "Түндүкэлектр" ишканасынын кызматкерлери оңдоо иштерин жүргүзүп жатып, телефон линиясын үзүп алышкан.

Буга байланыштуу "103" номери азырынча иштебей турат. Жарандар 0559-10-39-11, 0700-74-42-01, 0770-00-01-03 номерлери аркылуу байланышка чыга алышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча "103" номери бүгүн саат 17.00-18.00дөр чамасында иштеп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0