Мотуев колонияга баруудан баш тартып, анын жетекчисин жекеге чакырды

© SputnikБывший политик Нурлан Мотуев. Фото со страницы Facebook пользователя Нурлан Мотуев Абу Абдуллах
Бывший политик Нурлан Мотуев. Фото со страницы Facebook пользователя Нурлан Мотуев Абу Абдуллах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча ЖАМК Нурлан Мотуевди колониядан качып кеткен деп каттоого алды. Ал өзүн "көчө мушкери" атап, түзөтүү мекемесинин жетекчисин жекеме-жеке чыгууга чакырды.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жети жылга кесилген Нурлан Мотуев №32 жатак колониясына баруудан баш тартууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Ага ылайык, соттун чечими боюнча Мотуев жазасын жабык эмес жайда өтөйт. Андыктан ал жумасына бир жолу барып каттоого туруу шарты менен үйүнө барып, телефон колдоно алат.

Экс-депутат Азимбек Бекназаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
УКМК Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин козгоду
"Майрам алдында ЖАМК соттолгондордон колонияга бир канча күнгө келүүсүн өтүнгөн. Мындай аракеттер алардын болуп кетчү баш аламандыкка катышпоосунун алдын алуу максатында жасалган. Бирок Мотуев колонияга келүүдөн баш тартып, белгиленген күнү каттоого турган эмес. Андыктан биз аны качып кеткен киши катары каттап, документтерди укук коргоо органдарына берүүнү пландап жатабыз. Алар аны кармап, сот өз чечимин чыгарат", — деп ЖАМКтан маалымат кызматы билдирди.

Ал ортодо Мотуев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу өлкө башчысына кайрылып, №32 жатак колониянын жетекчиси Тимур Анаркуловдун ишине көңүл бурууга чакырат. Мотуев колония жетекчисин соттолгондорду мазактап, коррупция менен алектенет деп айыптаган.

"Тимур Анаркулов, сен мурдагы атайын дайырдыктагы жоокерсиң. Сенин боюң эки метр, меники 1,85 метр. Эркекче жекече мушташпайлыбы? Ал Макгрегор менен Мейвезердин шоусу сыяктуу болот. Сен атайын даярдыктагы жоокерсиң, мен көчө мушкеримин", — деген Мотуев.

ЖАМКтын маалымат кызматы соттолгон Мотуевдин билдирүүсү боюнча мекеменин жеке коопуздук кызматы жана юридикалык бөлүм, Акыйкатчы институту жана башка көзөмөлдөөчү органдар алектенип жатканын кошумчалады.

2016-жылдын 29-августунда Нурлан Мотуев Свердлов райондук соту тарыбынан жети жылга кесилген. Мотуев кылмыш жаза кодексинин 226-беренесинин 2-бөлүгү (Террордук ишмердүүлүккө чакыруу) жана 299-беренесининин 1-бөлүгү (Улуттук, расалык, диний жана аймак аралык келишпестикти козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0