Түштүк Корея инвесторлору инфекциялык клиника курууга 10 млн. доллар бөлмөй болду

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Саламаттык сактоо, Каржы жана Экономика министрликтери корей тарап менен 150 адамга ылайыкташылган жаңы инфекциялык корпусту куруу боюнча меморандумга кол коюшкан

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Түштүк кореялык инвесторлор жаңы салына турган инфекциялык клиниканын курулушуна 10 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, буга чейин Саламаттык сактоо, Каржы жана Экономика министрликтери корей тарап менен төрт тараптуу меморандумга кол коюшкан. Андан соң курулуш иштерине тендер жарыяланып жеңүүчү маалым болгон.

"Былтыр 150 адамга ылайыкташылган жаңы инфекциялык корпусту куруу боюнча меморандумга кол коюлган. Эми тендерде уткан компания өкүлдөрү бул жакта медициналык, курулушка ылайык экспертиза өткөрүп, чечим чыккан соң ишти башташат. Клиника куруу боюнча чечим чыкса эле курулуш иштери башталат. Оюбуз орундалып калса, буюрса, жакшы корпус курулат деген ишеничтебиз", — деди Аалиев.

Ал ошондой эле курулуш иштерине мындан да көп акча сарпталып каларын, себеби корей тарап клиниканын материалдык-техникалык базасын да жакшыртууну көздөп жатканын кошумчалап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0