Бишкекте акыйкатчылардын эл аралык форуму өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель кармаган адам. Архив
Портфель кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага 20 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында акыйкатчылардын эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу КРдин Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум 6-сентябрда Бишкек шаарында башталып, 7-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө уланат.

"Үч күндүк форумдун алкагында абактагылардын жана шайлоочулардын укугун коргоо жаатындагы көйгөйлөр козголот. Мындан сырткары, соттук реформа боюнча адистер өз пикирлерин билдирет", — деп жазылат маалыматта.

20 өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган иш-чарада БУУнун Балдарды коргоо комитетинин жетекчиси Рената Винтер негизги конок болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0