11:08 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Ысык-Көлдүн пляжы. Архивдик сүрөт

Россиядан Кыргызстанга каттаган туристтердин саны өсүүдө

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
194 0 0

Россиялыктар арасында бул жылдын алты айында Казакстанга — 1,275 миллион, Азербайжанга — 325 миң, Арменияга — 171 миң, Грузияга — 383 миң киши барган

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Быйыл Россиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 10 пайызга өскөндүгүн Россия жана КМШ боюнча туризм рыногун иликтеген "ТурСтат" агенттиги билдирди.

Мекеме 2017-жылдын алты айы ичинде Россиядан сыртка чыккан туристтердин агымын иликтеп көргөн.

"Россиядан Кыргызстанга барган туристтердин саны 10 пайызга өсүп, 116 миңге жетти. Ал эми бул өлкөдөн эс алуу үчүн чет жакка чыккан жарандардын саны жалпысынан 17 миллионду чапчыган. Ошентип быйыл Кыргызстан россиялыктар эс алуу үчүн тандаган мамлекеттердин арасында 31-орунга чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Россиялыктар арасында бул жылдын алты айында Казакстанга — 1,275 миллион, Азербайжанга — 325 миң, Арменияга — 171 миң, Грузияга — 383 миң киши барган.

Ал эми курорттук багыттар боюнча РФтин жарандары Түркия, Таиланд, Италия, Испания, Грузия, Бириккен Араб эмирлиги, Кипр, Греция жана Вьетнамды тандады.

Тема боюнча

Шамшы капчыгайынын шаштыны алган кооздугу асмандан кандай көрүнөт
Укмуш кооз экен, кеттик! Ысык-Көлдүн 13 эң мыкты жери
Белгилер:
туризм, Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ