Бишкек менен Чүй облусунун айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековВеерные отключения электричества в КР
Веерные отключения электричества в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу Чүйдүн он айылынын айрым көчөлөрүнө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.

Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Реконструкциядан кийин Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугу 1,5 эсеге өстү
Билдирмеге ылайык, 4-сентябрда Чүй облусунун Дача, Теңдик, Лесхоз, Садовый, Кызыл-Туу, Восточный, Төмөнкү Чүй, Военно-Антоновка айылдары менен МТФ-2 жаңы конушунун айрым бөлүктөрүндө 9.00дөн 17.00гө чейин электр энергиясы өчүрүлөт.

Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын Чүй проспектисинин №134 үйүндө 9.00дөн 17.00 чейин жарык жок болот. Андан сырткары, Абакан көчөсүндө, Ак-Өргө, Ынтымак, Ала-Тоо жаңы конуштарынын кээ бир жеринде 9.00дөн 18.00гө чейин электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0