Шоумен Жаныш Майр: элдин эсинде "кайнене" бойдон калгым келбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековШоумен, актер, "Тамашоу" лигасындагы "Ак кеме" командасынын мүчөсү Жаныш Майрамбек уулу (Жаныш Майр)
Шоумен, актер, Тамашоу лигасындагы Ак кеме командасынын мүчөсү Жаныш Майрамбек уулу (Жаныш Майр) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шоумен, актер, "Тамашоу" лигасындагы "Ак кеме" командасынын мүчөсү Жаныш Майрамбек уулу (Жаныш Майр) учурда "Эл эмне дейт?" аттуу популярдуу скетч-шоуда кайнененин, ойлоп тапкыч аксакалдын образдарын катыра ойноп, элге жагымдуу маанай тартуулап турат.

Өзгөчө образдардын ээси, тармал чач жигит мындан сырткары ар түрдүү тасмаларда роль жаратып, өзүнө жаккан тойлордо тамадалыкты да аркалай калат. Бийди катыра бийлеп, боорду эзе сүйлөгөн мырзаны Sputnik Кыргызстан агенттиги кепке тартып, маек курду.

— "Эл эмне дейт?" долбоорунда көпчүлүк айымдарга жаккан скетчтердин бири кайнене менен келиндин жашоосу. Сиз ал жакта кайнененин образын катыра ойногонсуз. Бул образга кирүү кыйынчылык жараткан жокпу?

Алып баруучу, тамада Бакыт Байсариев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Байсариев: ажырашуу тоюн алып барганда кызыктай болгом
— Негизи өзүмө ал образым таптакыр жакпайт. Бирок, командабыз менен бул скетч долбоордо жашаш керек деп чечип, мага кайнененин ролун аткарууга туура келди. Актер болгондон кийин ал образды жаратуу кыйын деле эмес, бирок коркконум элдин эсинде апанын, кайненин образында калбасам. Ошондуктан башка образдарды да жеткиликтүү кылып аткарууга аракет кылып жатам.

— Эмне үчүн кайнененин ролуна сизди тандашты?

— Негизи эң биринчи жолу кайнененин образын мен "Ала-Тоо" КВН лигасында ойноп чыккам. Андан соң Тамашоу лигасынын финалында да аткаргам. Ошентип бул образды скетч-шоуга да кошууну туура көрдүк. Биринчиден, бул образ жашоодон алынгандыктан элге жагымдуу маанай тартуулайт, анын үстүнө азыр коомубузда бул тема актуалдуу.

— Кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле кандай болоорун ойноп жатып билип калсаңыз керек?

— Жок, шумдук деле өздөштүрдүм деп айта албайм. Анын үстүнө үйлөнө элекмин, мындай учур чыныгы жашоодо баштан өтө элек. Бирок атам салтты катуу кармаган адам болгондуктан, байкелериме келинчектерине карата бир нерселерди айтып калганын угуп калчумун. Бул скетч аркылуу биз келин менен кайнене ортосундагы мамилени көйгөй кылбай, тескерисинче тамаша иретинде көрсөтүү менен ортосундагы мамилени жакындатуу болуп саналат.

© Sputnik / Табылды КадырбековШоумен Жаныш Майр: унутулуп бара жаткан салттарыбызды кандайча келип чыкканын түшүндүрүп беребиз. Аларды мындай айтсаң эч ким укпайт, ал эми скетчтер менен көрсөтүп берсең кызыктуурак болуп жатпайбы
Шоумен, актер, член юмористической команды Ак кеме Жаныш Майрамбек уулу (Жаныш Майр) - Sputnik Кыргызстан
Шоумен Жаныш Майр: унутулуп бара жаткан салттарыбызды кандайча келип чыкканын түшүндүрүп беребиз. Аларды мындай айтсаң эч ким укпайт, ал эми скетчтер менен көрсөтүп берсең кызыктуурак болуп жатпайбы

— Скетч деген эмне экендигин окурмандарга кыскача түшүндүрө кетсеңиз?

— Скетч — бул эки-үч кишиден ашпаган адамдар ойногон, комедия жанрындагы кыска пьеса. Тагыраагы, ал деген интермедия.

— Сиздер алып чыгып жаткан скетчти социалдык тармакта да кыздар аябай талкуулашат экен го?

— Социалдык тармактарда бул образды кыз-келиндер эки көз караш менен караарын байкадым. Турмушка чыккан кыздарга мен жаратып жаткан кайнененин образы жагат экен. Башкача айтканда алар "ии, ушундай эле болсо кана" деп суктанышат. Ал эми күйөөгө тийе элек кыздар "ай, мени мындай кайненеден Кудай сактасын" деп жазышат. Көрсө, бир эле образ адамдарга ар түрдүү таасир калтырат экен.

—Текстти өзүңөр эле жазасыңарбы? Бир сезон тартканга көп убакыт кетсе керек?

— Текстти өзүбүзгө ылайыктап долбоордун авторлору эле жазат. Башкача айтканда, авторлор ошол эле актерлор.

— Унутта калган каада-салтты да кыстара кетесиңер?

— Ооба, унутулуп бара жаткан салттарыбызды кандайча келип чыкканын түшүндүрүп беребиз. Аларды мындай айтсаң эч ким укпайт, ал эми скетчтер менен көрсөтүп берсең кызыктуурак болуп жатпайбы.

— Ушул сыяктуу долбоорлордон силерге жакшы эле каражат түшөбү? Башкача айтканда, бир берүүңөргө телевидение канча төлөп берет?

НТС телеканалынын диктору Мирзат Муканов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мирзат Муканов: белгилүү адамдардын күйөө баласы болом деп ойлогон эмесмин
— Башка мамлекеттерден айырмаланып бизде телевидение эч нерсе сатып албайт, тескерисинче акча сурайт. Башка жактарда теле жаатында жакшы идея менен барган жаштарды колдон, буттан алып, аларга болгон шартты түзүп беришет. Ал эми Кыргызстанда дапдаяр долбоор алып барсаң да "бизге канчасы түшөт" деп манчыркап турушат. Мындан улам бул учурда биз каражат үчүн эмес, алгач рейтинг үчүн иштейбиз. Ал эми тартуу учурундагы чыгымды ортолорунан кетип жаткан жарнама менен жабабыз. Бул жерден бизге таптакыр пайда, каражат түшпөйт деп айта албайм. Продюсерлер жакшы иштегендерди анда-санда сүйүнтүп турат. Ал да жарнамалардан гана түшөт. Негизи акча тапкан булагыбыз башка жакта.

— Сыр болбосо кайсыл жактардан көбүрөөк акча табасыңар?

— Жарнамалык роликтерге тартылып, аларга текст жазып, режиссерлук кылып каражат табабыз. Мындан сырткары тойлорго тамадалык кылган балдар бар. Айтор, биздин "1.1" аттуу студияда актер, режиссер, тамада, оператордон бери бар. Кандай буйрутма түшсө ошого жараша кете беребиз.

— Сиз да тойлорго чыгып тамада болосузбу?

— Ооба, бирок бардык тойлорду эле алып бара бербейм. Анткени биздеги тойлорду каада-салтка байланыштуу көп өзгөртө албайсың. Бири-бирине окшогон тойлорду көрүп тескеринче, деградация болуп кетем. Ошондуктан мен жаңылык киргизип же өзгөчө кыла ала турган тойлорду гана алып бара алам.

© Sputnik / Табылды КадырбековШоумен Жаныш Майр: баары азыр "эмне үчүн азыр "Тамашоуну" сапаты начарлады?" деп сурай беришет. Себеби кийинки муун жалкоо. Бир оюнга биз мурда бир ай даярданчубуз, булар болсо үч күн эле камынып чыга беришет
Шоумен, актер, член юмористической команды Ак кеме Жаныш Майрамбек уулу (Жаныш Майр) - Sputnik Кыргызстан
Шоумен Жаныш Майр: баары азыр "эмне үчүн азыр "Тамашоуну" сапаты начарлады?" деп сурай беришет. Себеби кийинки муун жалкоо. Бир оюнга биз мурда бир ай даярданчубуз, булар болсо үч күн эле камынып чыга беришет

— "Тамашоу" лигасында ойноп баштаган балдар азыр тасма тартып, студияларды ачып, алып баруучу, тамада болуп айтор өз ордун таап калышты. Сиз үчүн да анын орду чоң болсо керек?

— Ооба, Тамашоунун арты менен биз өз келечегибизди куруп, бир кездеги кыялдарга жеттик. "Ак кеме" командасындагы Залкар Касымов деген коллегам (мурда экөөбүз бир айылда жашап кошуна да болчубуз) кичине кезибизден эле КВНде ойноп, өлкө атынан чет жактарга чыккыбыз келчү. Жогорку окуу жайга тапшыргандан кийин эле "кайсыл жакта КВН бар" деп эле издеп баштадык. Команда топтоп алып орус тилдүү КВНге барсак "силер жарабайсыңар" деп артка жиберип салган. Бирок, андан көп өтпөй "кыргызча КВН ачылып жатыптыр" деп команда капитаны Тамашоуга алып барып калды. Барсак, баары бизге окшоп жаңы КВН менен аралаша баштаган балдар экен. Ошентип тагдырыбыз "Тамашоуга" байланды. Бизди ал жактан армиядагыдай бекем кармап, тартип катуу, талап күчтүү болду. Эң негизгиси ал жактан биз идея жаратуу жагынан чебер болгонду үйрөндүк. Азыр кандай кече, иш-чараларга сунуш келбесин баарын арыдан бери уюштура калабыз.

— Азыр "Тамашоу" мурдагыдай популярдуу болбой калган сыяктуу?

— Баары азыр "эмне үчүн азыр "Тамашоуну" сапаты начарлады?" деп сурай беришет. Себеби кийинки муун жалкоо. Бир оюнга биз мурда бир ай даярданчубуз, булар болсо үч күн эле камынып чыга беришет. Алардын фантазиясы биздикинен күчтүү, идеяга мол. Бирок, ошонун баарына жакшы даярдык керек.

—Эмне үчүн КВНде кыздар азыраак?

Жарайт City юмордук долбоорунун продюсери Асхат Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
КВН жылдызы Асхат: убагында таракан баскан үйдө жашоого туура келген
— КВН командалык оюн. Ал эми команда болгондо бир күнү даярданып жатып кеч болуп кетет же баары чогулуп алып бир үйгө жатып алып даярданат. Мындай учурда кыздар эркек балдардай ачка-ток, күнү-түн жүрө бербейт. Экинчиден, балдар даярданып жатып талашып-тартышып кээде мушташып кетип, эртеси эле табышып алышат. Ал эми кыздар менен уруша да албайсың, аларга катуу сөз айтсаң эле болду… Мына ушул себептерден улам да кыздар КВНде сейрек. Бирок, мындай карап келсек тээ илгертен эле сатира жаатында бүт эле эркектер экен.

— Кесиптеш, досторуңар чекесинен турмуш куруп баштады. Сиздин кезегиңиз дагы келип калса керек?

— Ушул жоопту алайын деп эле чакырсаңыз керек. Тамаша. Ошол адамды таппай жүрөм, тапсам эле үйлөнүп үйгө отургузуп коет элем (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0