Атамбаев: чала молдолор жаштарыбыздын башын айлантып бүтүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы билим алууга көбүрөөк басым жасоо зарылдыгын белгиледи

ЧОҢ-ТАШ, 1-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев дин менен араб маданиятын чаташтырбоого чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы Чоң-Таш айылындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы мектептин ачылышында сүйлөп жатып айтты.

Ал Куранда билим алуунун зарылдыгы жөнүндө жакшы айтылганын белгилеп, динди Кудайдан да жогору койгондорду сынга алды.

"Биринчи орунга билим алууну койгула. Жаштардын башын айлантып жаткандарды да көрүп-билип жатам. Бир нече күн мурун Абдил Сегизбаевдин балдары (УКМК — ред.) төрт жаш балдарды аныктап, экөө жок кылынды. Булар Кыргызстан менен Казакстандын жарандары экен. Аларды буга чала молдолор жеткирди", — деди Атамбаев.

Сөзүнүн соңунда өлкө башчы динди араб маданияты менен чаташтырбоого чакырып, кыргыз элинин өзүнүн тарыхы, өзүнүн каада-салты бар экенине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0