Дем алыш күндөрү Бишкектин айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчөт. Тизме

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүЭлектр лампочкасы. Архив
Электр лампочкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу онго жакын көчөдө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.

Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Реконструкциядан кийин Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугу 1,5 эсеге өстү
Билдирүүгө ылайык, 2-сентябрда борбор калаанын 8-кичи районунун 28, 29, 30 жана 31-үйлөрүндө 09.00дөн 17.00гө чейин электр энергиясы өчүрүлөт. Ошондой эле Бакаев, Ахунбаев көчөлөрүндө 09.00дөн 18.00гө чейин жарык жок болот.

Андан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу 3-сентябрь күнү Москва, Тимирязев, Чокморов, Табалдиев, Айни, Айтматов көчөлөрүндө 9.00дөн 18.00гө чейин электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0