Элчилик: Оренбургдагы жол кырсыктан алты эмес, жети кыргызстандык жабыркаган

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭкс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями
Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Оренбург шаарына кетип бара жаткан жолдун 150-чакырымында катталган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Оренбург шаарына жакын жерде катталган жол кырсыгында алты эмес, жети кыргызстандык жабыркаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Кыргызстандан Москвага бара жаткан унаа кырсыкка кабылып алты киши жабыркаганы айтылган.

"Унаанын ичинде он жүргүнчү болгон. Анын ичинде жети кыргызстандык түрдүү жаракаттарды алган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, үчөө мейманканага жайгаштырылган. Кийин алардын экөө Москва шаарына кеткен. Каза болгондор жок", — деп маалымат кызматы кабарлады.

Жол кырсыгы Оренбург шаарына кетип бара жаткан жолдун 150-чакырымында катталган. Окуяны элчилик көзөмөлгө алууда.

Буга чейин Ford Transit үлгүсүндөгү микроавтобус Самара — Оренбург жолунда кырсыкка учурап, алты кыргызстандык жабыркагандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0