Ар улуттун канынан жаралган кыргызстандык балдар. Тарбия, салттагы өзгөчөлүктөрү

Жазылуу
31-август Кыргызстандын Эгемендик күнү. Бул түшүнүк өлкөнүн саясий-экономикалык өсүшүн, ошондой эле улут арасындагы ынтымак мамилесин да эске алат.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан малымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова элдердин достугун көргөзүү максатында түркүн улуттун башы бириккен үй-бүлөлөрдүн балдарын, ата-энелеринин баш кошуу тарыхын тизмектеп көрдү.

© Sputnik / Табылды КадырбековНалида Румия 1998-жылы Дубайда төрөлгөн
Бишкекчанка Налида Румия - Sputnik Кыргызстан
Налида Румия 1998-жылы Дубайда төрөлгөн

Налида Румия. Апасында кыргыз менен орустун каны, атасында сириялык араб менен аргентина каны бар

Ата-энем Дубайдан таанышышыптыр. Атам ал кезде эмерек салонун иштетсе, апам ошол жерге администратор болуп жумушка орношот. Үйлөнүп, бирок үч жылдан кийин ажырашып кетишкен. Апам учурда 54 жашта, атам каза болуп калган.

1998-жылы Дубайда төрөлгөм. Атам эрте каза болуп калгандыгына байланыштуу апам эки улуттун тең каада-салтын үйрөткөнгө аракет жасады.

© Фото / предоставлено Алесей ЦуриковойАлеся Цурикова 1995-жылы 27-майда Бишкек шаарында төрөлгөн
Диктор на телеканале Пирмаида Алеся Цурикова - Sputnik Кыргызстан
Алеся Цурикова 1995-жылы 27-майда Бишкек шаарында төрөлгөн

Алеся Цурикова. Атасы — орус, апасы — уйгур кызы

Ата-энем 80-жылдары Фрунзе шаарында таанышыптыр. Апам таянем менен бир иш-чарадан келе жатып таксиге түшөт. Таксист үйгө жеткичекти күзгүдөн апамдан көзүн албай карап барат да, машинеден түшкөндө таянеме "сизге күйөө бала кереги жок беле?" десе, "жок" деп кагып коюптур. Кийинчерээк атам апамды издеп таап, аркасынан чуркап жүрүп, жүрөгүн багындырып алган экен. Апам 57ге, атам 60ка чыкты.

1995-жылы 27-майда Бишкеке шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө эжем экөөбүз эки элдин салтын бирдей кармап чоңойдук. Атам уйгурча түшүнбөгөндүктөн орусча сүйлөп көнгөнбүз. Дин маселесинде да эркиндик берилген.

© Фото / предоставлено Кайратом БекмамбетовымКайрат Бекмамбетов 1992-жылы Бишкекте туулган
Бишкекчанин Кайрат Бекмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Бекмамбетов 1992-жылы Бишкекте туулган

Кайрат Бекмамбетов. Атасы — түштүк африкалык, апасы — кыргыз

Совет убагында өлкөлөр арасында тажрыйба жана кадр алмашуу деген болуптур. Ошол убакта атам Фрунзеге учкуч кесибин үйрөнүүгө келиптир. Апам англис тилин жакшы билгендиктен таанышып, жылдыздары жанып, анан мен пайда болуптурмун.

1992-жылы Бишкекте туулгам. Паспортумда улуту кыргыз деп жазылган. Чынын айтсам, жан дүйнөмдө да кыргызмын. Апамдын жалгыз уулу болгондуктан эрке чоңойдум.

© Sputnik / Табылды КадырбековАсель Абдашинова 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн
Колумнист Sputnik Кыргызстан Асель Абдашинова - Sputnik Кыргызстан
Асель Абдашинова 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн

Асель Абдашинова. Атасы — кыргыз, апасы — орус

Ата-энем жайында борбордо өтүп жаткан жарманкерлердин биринде таанышыптыр. Апам ал кезде соода менен алектенсе, атам жөн гана досуна жолукканы келиптир. Атам апамды жактырып калып, көп убакыт бою аркасынан жүрүп таанышып, баш кошуптур. Быйыл бир жаздыктан баштары агарганына 24 жыл болду. Атам 47ге, апам 50гө чыкты.

1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Биздин үй-бүлөдө демократия. Ата-энем мени тарбиялоодо улуттун салт-санаасынан мурун моралдык жана нравалык баалуулуктарга көбүрөөк басым жасаган. Дин маселесин да көп ырбатышкан эмес. Алар мен чоңойгондо жүрөгүнө жакын нерсени тандап алат деген чечимге келишкен.

© Фото / Дарья ЛенцСабина Рейнгольд 1990-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн
Бишкекчанка Сабина Рейнгольд - Sputnik Кыргызстан
Сабина Рейнгольд 1990-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн

Сабина Рейнгольд. Атасында украин менен латыштын каны бар, апасы — уйгур

Биринчи жолу апам 12, атам 20 жашында көрүшүптүр. Атам апамдын байкесинин досу экен. Ошол убакта апам бир көрүп эле жактырып калат, атам болсо кызды карындашындай көрүп маани берген эмес. Атам армияга кетип, кийин аял алыптыр. Апам бой жетип 21 жашка чыкканда тагдыр аларды табыштырат. Бирок бири — мусулман, бири — христиан болгондуктан, үй-бөлө мүчөлөрү алардын мамилесин жактырышкан эмес.

1990-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Чачым абдан сары, жалтырак, анан көздөрүм көпкөк болгондуктан, эч ким мени апасынын кызы деп айтчу эмес. Мени эки элдин тең салты менен тарбиялашкан. Айт майрамын деле, Пасха майрамын деле белгилей беребиз.

© Sputnik / Табылды КадырбековЕлебаев Орозжан 2003-жылы 25-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган
Бишкекчанин Елебаев Орозжан - Sputnik Кыргызстан
Елебаев Орозжан 2003-жылы 25-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган

Елебаев Орозжан. Атасы — казак, апасы — татар, болкар

Ата-энем эки коңшу айылда жашашкан. Атам 21 жашында апамды жактырып калып 17 жаш кезинде эле ала качып алыптыр.

2003-жылы 25-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулгам. Кыргыз балдарындай эле элибиздин каада-салты, нарк-насили менен өсүп чоңойгом. Беш бир туугандын кичүүсүмүн.

© Sputnik / Табылды КадырбековАнна Басенко 1993-жылы 24-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн
Корреспондент Sputnik Кыргызстан Анна Басенко - Sputnik Кыргызстан
Анна Басенко 1993-жылы 24-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн

Анна Басенко. Атасы — украин, апасы — орус

Атам орус армиясында прапорщик, апам тигүү фабрикасында иштеп жүргөндө тааныштарынын үлпөт тоюнда көрүшүптүр. Жылдыздары келишип, жарым жылдан кийин баш кошушат. Бирок мен экиге чыкканда ажырашып кетишкен экен, андан кийин атамды такыр көргөн жокмун. Апам Ирина 45 жашта, атам Сергей каза болуп калган.

1993-жылы 24-июнда Бишкек шаарында төрөлгөм. Апам мени жакшы адам болуп чоңоюшума бардык күчүн жумшады. Үй-бүлөдө атайын бир салтты карманбайбыз. Ар улуттагы дос, тааныштарыбыз арбын, бири-бирибиздин өзгөчөлүгүбүздү, каада-салтыбызды сыйлайбыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековРамазан Кадралиев 1992-жылы 27-мартта Бишкекте төрөлгөн
Бишкекчанин Рамазан Кадралиев - Sputnik Кыргызстан
Рамазан Кадралиев 1992-жылы 27-мартта Бишкекте төрөлгөн

Рамазан Кадралиев. Атасында кыргыз менен казактын, апасында казак менен татардын каны бар

Ата-энем 1991-жылы достору аркылуу таанышышыптыр. Алардын баш кошуусуна туугандары каршы болушкан, бирок кыйынчылыкка туруштук берип акыры үйлөнүшүптүр. Учурда апам 45, атам 48 жашта.

1992-жылы 27-мартта Бишкекте төрөлгөм. Ата-энем кайсы бир салтка ыктап тарбиялаган жок. Атам өзүң жана жакындарың үчүн бек турганды үйрөн деп спортко берсе, апам эркек бала болуунун жоопкерчиликтерин жакшы түшүндүрүп тарбиялаган.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАсель Миңбаева 1990-жылы 27-февралда Новосибирскиде төрөлгөн
Журналист Sputnik Кыргызстан Асель Минбаева - Sputnik Кыргызстан
Асель Миңбаева 1990-жылы 27-февралда Новосибирскиде төрөлгөн

Асель Миңбаева. Атасы — кыргыз, апасы — украин

Ата-энем Новосибирскиде окуу жайда билим алып жүргөндө таанышышыптыр. Мен ошол жакта 1990-жылы 27-февралда төрөлгөм. Союз урап жаткандагы оор мезгилге карабай ата-энем жакшы тарбия беришти.

Салт-санаага келе турган болсом, чоң апаларыбыз ким кандай тамакты даамдуу жасай алат деп жарышып турушчу. Биз агам экөөбүз эки элдин тең тамагын жей берчүбүз. Биздин башкы көйгөйүбүзгө айланган ашыкча салмак да ошондон болсок керек. Ай, ошол кездеги балалык! Мага метис болгон жагат. Алардын ден-соолугу бекем, жүздөрү сулуулукка кулпуруп турат деп айтышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлимжан Валиев 1990-жылы 23-августта Кара-Балта шаарында туулган
Корреспондент Sputnik Кыргызстан Алимджан Валиев  - Sputnik Кыргызстан
Алимжан Валиев 1990-жылы 23-августта Кара-Балта шаарында туулган

Алимжан Валиев. Таенеси — татар, чоң энеси — казак. Ата-энеси — өзбектер

Менин ата-энемдин аталары дос болгондуктан, сөөктү бекемдейли дешиптир. Үйлөнгөнгө чейин бири-бирин көп деле таанышчу эмес экен.

1990-жылы 23-августта Кара-Балта шаарында төрөлгөм. Ата-энем үй-бүлөсүн жана туугандарын сыйлаган, тарбия көргөн бала болушума чоң күч жумшашты. Адамдарга жана жашоодогу кадамдарга баамчыл болууга үйрөткөн. Мактанчаактыктан алыс болууну эскертишет.

© Фото / Сабина ДамаскинаСабина Дамаскина 1993-жылы 10-июлда Жалал-Абадда төрөлгөн
Бишкекчанка Сабина Дамаскина - Sputnik Кыргызстан
Сабина Дамаскина 1993-жылы 10-июлда Жалал-Абадда төрөлгөн

Сабина Дамаскина. Атасы — армян, апасында осетин, еврей, молдовандын каны бар

Ата-энем бала чактарынан бери бирге өсүп, көп батирлүү үйлөрдүн биринде жашачу экен. Мектепти аяктаганда сүйлөшүп баштап, кийинчерээк баш кошушкан.

1993-жылы 10-июлда Жалал-Абадда төрөлгөм. Майрамдарды тууган-туушкандар менен шаңдуу жана кызыктуу өткөрөбүз. Бир жакшы жери — ар элдин улуттук тамагынан даам сызасың. Ата-энем христиан динин тутунушат, салттары деле окшош. Бирок еврейлердин бардык үй-бүлө мүчөлөрү ишемби күнү чогулат деген салты бар. Мен аны "кичинекей шабат" деп коем.

© Фото / предоставлено Васипом РамазановымВасип Рамазанов 1989-жылы Бишкекте төрөлгөн
Бишкекчанин Васип Рамазанов - Sputnik Кыргызстан
Васип Рамазанов 1989-жылы Бишкекте төрөлгөн

Васип Рамазанов. Атасы — даргин, апасы — түрк

Ата-энем достору аркылуу таанышышыптыр. Экөө 21 жашында баш кошуп, мен эки жылдан кийин, тагыраагы 1989-жылы Бишкекте төрөлгөм.

Ата-энем мени тарбиялоодо маданий жана нравалык баалуулуктарга көбүрөөк басым жасашты. Мен ушул убакытка чейин ар улуттагы адамдар менен жолугуп, салт-санаа, үрп-адаттарын терең билүүгө аракет жасадым. Анан, албетте, алар менен эки элдин да өзгөчөлүгү менен бөлүшөм.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖанна Сатарбаева КРдин ИИМ тармагында эмгектенет
Инспектор Пресс-службы ГУ МВД КР по г. Ош и Ошской области Жанна Сатарбаева - Sputnik Кыргызстан
Жанна Сатарбаева КРдин ИИМ тармагында эмгектенет

Жанна Сатарбаева. Атасы — өзбек, апасы — кыргыз

Апам Фрунзе шаарында атамдын карындашы менен чогуу окучу экен. Бир күнү карындашы байкеси учурашканы келгенде апамды конокко чакырып тааныштырыптыр. Атам ошол замат апамды жактырып калып, апамдын шаарда окуп, иштейм дегенине карабай ала качып алыптыр.

Атамдын айтымында, апам жаш кезинде сулуу жана назик болгондуктан, "чай кайнатып бер" деп айткандан да тартынып турчу экен. Учурда төрт бир тууганбыз. Атам Ишки иштер министрлигинде иштеп, пенсияга чыккан. Үч баласы жолун жолдогонбуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0