Коңшу-колоңго карата 6 "болбойт"

© Sputnik / Владимир ПироговФестиваль "Кыргыз Шырдагы" в ущелье Салкын-Тер
Фестиваль Кыргыз Шырдагы в ущелье Салкын-Тер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деп бекеринен айтылып калбаса керек. Жакшылык-жамандыкта да биринчи кошуна чакырылып, ал келбей калса анын тиешесин сөзсүз алып коюшкан. Ошондуктан "биринчи там тандабай кошуна танда" деген сөз чындыгы бардай.

Sputnik Кыргызстан агенттиги этнопедагог Абдыкерим Муратов жана кыргыз тилчи мугалим, учурда ардактуу эс алуудагы Жыпар Миңбаеванын жардамы менен кошуна-колоңго карата жасалбай турган нерселерди тизмектеп чыкты.

Праздничное мероприятия Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бата берүүгө байланыштуу 6 "болбойт"
Кошунадан аянбайт. Кошунаң бир нерсе сурап келсе аны куру кол кетирбейт. Илгери мергендер аңчылыктан кайтканда да эң алгач шыралгысын кошуналарына берген да, артканын өздөрү казанга салган. Ошондой эле үйгө конок чакырып алар кеткен соң, сөзсүз кошунаны табак түпкө чакырып же алып келген даамдуулардан ооз тийгизген жакшы иш.

Урушпайт. Коңшу жамандык-жакшылыкта ар дайым жаныңда боло турган адам. Андыктан алар менен урушпай, тескерисинче, жакшылык ишти алар менен кеңешип башташ керек.

Коңшуну ууру тутпайт. "Коңшуну ууру тутканча өзүңө сак бол" деген жакшы накыл сөз бар.

Көңүлкош көңүл мамиле жасабайт. Кошунадан дайыма кабар алып ал-жайын сурап турган дурус. Кокустан колунда жок болуп, бир нерсе жетишпей жатса жардам бергенден аянбаш керек. Динде да кошунаң ачка отуруп өзүңдүн курсагың ток болсо ал чоң күнөө деп эсептелген.

Кары апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улууга урмат! Жашы улууларга карата 8 "болбойт"
Зыян келтирбейт. Дарак эксең көлөкөсү жана тамыры кошунанын жерине өтүп кетпеши керек. Кокус мөмөлүү дарагыңдын бутак-шактары кошунаңдын жерине өтүп кетсе, ошол түшүмдү кошунаңа бөлүшүп беришиң керек. Себеби ал коңшуңдун акысы. Ошондой эле үй салып жатканда да кошунаңа зыян келтирип албагандай кеңешип салган оң.

Жаңы келген коңшуну жектебейт. Жаңы кошуна көчүп келсе тааныбасаң да аларды "конуш жайлуу болсун" деп өрлүктөп кирип, ак жана нан менен тосуп алган. Ошондой эле алар жаңы журтка көнгүчө колунан келген жардамын аяган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0