Бишкекте теракт коркунучунан улам милиция унааларды текшерип жатат

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милиция жарандардын коопсуздугун сактоо максатында күмөн жараткан унааларды текшерүүдө

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Теракт коркунучунан улам милиция Бишкектеги унааларды текшерүүгө алып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Терактынын алдын алууга болобу? Чекисттин кеп-кеңеши
18-августта Кайгуул милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов теракт коркунучунан улам рейд жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук комитети теракт коркунучу күчөп жаткандыктан жарандарды сак болууга чакырган. Чекисттер коркунуч эл аралык террордук уюмдар тарабынан болуп жатканына ишенип жатышканын белгилешкен.

Редакцияга окурман кайрылып, 30-августка караган түнү Кайгуул милициясы анын унаасын тинтүүгө алып, документтерин текшергенин билдирди.

"Тартип сакчылары чындап эле документтерди жана унаанын салонун текшерип жатышат. Бул аракеттер коомчулуктун коопсуздугун сактоо үчүн жасалууда", — деп милициядан билдиришти.

Саркуловдун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, рейд 21-августта башталып сентябрдын башына чейин уланат. Мындай чаралар эгемендүүлүк күнү менен окуу жылынын башталышына да байланыштуу.

"Кайгуул милициясынын кызматкерлери унааларды токтотуп текшерүүгө алса, жөө кайгуулчулар коомдук жерлердеги күмөн жараткан предметтерге көңүл бурушат. Кандай унаалар менен нерселер күмөн жаратышы мүмкүн экенин алдын ала айтуу кыйын. Бул адамдардын жүрүш-турушуна байланыштуу болот", — деди Саркулов.

Антитеррористическая операция в Жайыльском районе - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Жайылда атышуу учурунда эки террорчу жок кылынды
Эскерте кетсек, 24-августтун түнүндө Кайгуул милициясы документтерди текшерүү үчүн Ауэзов көчөсүнөн мамлекеттик номери S 8191 AG болгон Nissan Presage үлгүсүндөгү машинаны токтоткон. Анын ичинде төрт киши отурган. Жүргүнчүнүн бири тапанча алып чыгып, милиция кызматкеринин башына такаса, экинчиси граната алып чыгып "жардырам" деп коркуткан. Мындан улам укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аларды коё берүүгө аргасыз болуп, кылмышкерлер из жашырып кетишкен.

Кийин "Перехват" планы жарыяланып, шектүүлөр издөөгө алынган. Машина Көк-Жар конушундагы Кулмырзаев көчөсүнөн табылып, анын ичинен китептер жана уюлдук телефон алынган. Шектүүлөр качып кетип, кийин 28-августта Спорт сарайынан кармалышкан.

Ал эми 29-август күнү Жайылда атайын операция өтүп, террорчу делген эки киши жок кылынган. Атышуу учурунда алардын дагы бири жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0