Ошто Айт намаз качан окулары белгилүү болду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы майрамдын намаз. Архив
Ош шаарындагы майрамдын намаз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия тарабынан ар бир аймактык кеңешке бирден бодо мал берилди

ОШ, 30-авг. — Sputnik. Курман айт күнү калаадагы он үч аймактык кеңештин ар биринде майрамдык салтанат уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Анын айтымында, мындай саамалык жыл сайын салт катары ар бир аймактык кеңеште уюштурулуп келет.

"Айт намаз борбордук аянтта эртең мененки саат 7:30да окулат. Мэрия тарабынан ар бир аймактык кеңешке бирден бодо мал берилди. 1-сентябрда мал союлуп, муктаж жарандарга эт таратылат. Коомдук фондулардын бири Алымбек Датка этнографиялык комплексинде балдарга оюн-зооктор уюштурулуп, белектер берилет",— деди Канатбек уулу.

Эске сала кетсек, Курман айт Кыргызстанда быйыл 1-сентябрда белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0