Токтогулда кошумча электр мамылары орнотулуп жатат

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр мамылары. Архив
Электр мамылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр зымдарына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо иштери жүрүп жатканы айтылды

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Орто-Кашат айылына кошумча тогуз электр мамыча орнотулуп, 500 метр зым тартылды. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай аракеттер күз-кыш айларына карата даярдыктан улам көрүлүп жатат.

"Айылда абоненттердин саны көбөйүп, кошумча электр жарыгына муктаждык жаралган. Райондун карамагындагы Бала-Чычкан, Мазар-Суу айылдарына дагы бир чакырымдан ашуун аралыкка электр зымдары тартылды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, электр зымдарына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0