Министрлик: ката жазылган аттестаттардын 80 пайызы алмаштырылды

© SputnikМектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты. Архив
Мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документке ката кетирүүгө жол берген кызматкерге катуу сөгүш берилген

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Орто билим тууралуу аттестатында кеткен каталар оңдолуп, бүтүрүүчүлөргө жаңы документ бериле баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Билим берүү министрлигинин мектептеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев билдирди.

Буга чейин Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайлар бүтүрүүчүлөрдү кабыл алып баштаганга чейин (10-июль) каталар оңдолуп каларын билдирген.

Кыргыз тилиндеги табелде "жалпы орто билими жөнүндөгү аттестатсыз жараксыз" деген сөздүн ордуна "жалпы орто билими жөнүндөгү аттестат жараксыз" деп жазылып калган.

"Бардык райондук бөлүмдөргө жана билим берүү мекемелерине "аталган аттестаттарды кабыл алгыла" деп айтылган. Бүгүнкү күнгө карата документтин 80 пайызы жаңыга алмаштырылды", — деди Усаналиев.

XI Форум творческой и научной интеллигенции стран — участниц СНГ - Sputnik Кыргызстан
Кудайбердиева жаш мугалимдердин айлыгы канча экенин билбей койду
Ал эми билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ката кетирүүгө жол берген кызматкерге дисциплинардык катуу жаза берилгенин белгиледи.

"Адамдык фактор болуп калды. Тилекке каршы, министрлик менен типографиянын кызматкери ката кетирип алган. Маселе коллегияда каралып, күнөөкөргө катуу сөгүш берилди. Мен аны иштен алгым келген, бирок кесиптештер бул сунушту колдошкон жок", — деди министр.

Ошондой эле мындай каталарды кетиргендердин жоопкерчилигин караган так регламент түзүлгөнү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0