Ош: борбордук базардагы соода түйүндөрүнө өрт өчүрүүчү баллондор орнотулууда

© пресс-служба мэрии города БишкекПожарно – тактические учения на территории рынка "Ош базары"
Пожарно – тактические учения на территории рынка Ош базары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сатуучулар тарабынан 300 даана баллон сатылып алынды, дагы 300ү алынат.

ОШ, 29-авг. — Sputnik. Борбордук базардагы соода түйүндөрүнө өрт өчүрүүчү баллондор орнотула баштады. Бул тууралуу аталган базардын администрация башчысынын орун басары Арипбек Айтбаев билдирди.

Анын айтымында, борбордук базардагы соода түйүндөрү жайгашкан катарлардын айрымдарына өрт өчүрүүчү унаа кире албайт.

"Буга чейин Ош шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү сатуучулар менен өрттүн алдын алуу, тилсиз жоодон сактануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошол себептен сатуучулар акча чогултуп, 300 даана баллон сатып алынып, ар бир соода түйүнүнө орнотула баштады. Дагы 300ү алынат", – деди Айтбаев.

Мындан сырткары, базар жетекчилиги гидералин сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Жеңүүчүлөр аныкталып, 150 миң сомго 4 даана гидералин орнотулат.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-июлунда Өзгөн шаарынын борбордук базарында 226 контейнер өрттөнгөн. Мындан сырткары, бут кийим сатуучу үстү жабылган соода жайы жана эки кабаттуу имараттагы ашкана толугу менен күйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0