Тез жардам унаасын өткөрбөй койгон 14 айдоочуга айып салынды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган айдоочулар рейд учурунда Тез жардам автоунааларын өткөрбөй койгон

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Чүй облусу менен Бишкек шаарында ИИМдин Кайгуул милициясы жана Тез жардам кызматы биргеликте "Маяк" аттуу рейд уюштурган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара 28-августта өткөн. Рейддин максаты сирена менен бараткан Тез жардам автоунаасын тоскоолдуксуз өткөзүү керектигин айдоочуларга эскертүү болгон.

"Натыйжада 14 айдоочуга административдик кодекстин 231-беренеси боюнча 500 сомдон айып салынды", — деп айтылат маалыматта.

Окуу жылынын башталышы менен Бишкек менен Чүй облусунда маршруттук таксилер жана автобустар маңдайына "Көңүл бургула! Балдар" деген атайын жазууларды илүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0